Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

9-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1875-жылдын 9-октябрында Кокондо төңкөрүлүш жасалып, бийликти бир канча жүз кыргыздарды баштаган оротөбөлүк бек Абдул Гафар басып алган. 1852-жылдын 9-октябрында Кудаяр хан баштаган баштаган кокондуктар кыпчактарды кырып башташкан.

1852-жылдын 9-октябры Курман айтка туура келген. 9-октябрдын таңында Кокон ханы Кудаяр майрамдык салтанатты баштап, Ташкент беги Нурмухамеддин аскер парадын көргөн. Салтанат бүткөндөн кийин Кудаяр баштаган кокондуктар кыпчактарды кырып башташкан. «Кыпчактарды үйүнөн, көчөдөн, бакчадан, ал түгүл мечиттерден өөлтүрүп атышты», деп жазган кандуу окуя күбөсү. Кыпчак козголоңунун анабашчысы Мусулманкул хан аскерлери тарабынан кармалып, Кокон шаарында жазага тартылган. Кыпчак кыргынында жалаң эле бир этноско геноцид жасалбастан, кыргыздар да арбын өлтүрүлгөн. «Тауарих хамса» чыгармасы кабарлагандай, миңдеген кыпчактар өлтүрүлүп, алардын мал-мүлкү хандык казынага тартылып алынган. Кыпчак кыргынынан аман калгандар кыргыздарга качып, тоолордон баш пааналашкан.


Пулатхан баштаган кыргыздардын 1875-жылдын күзгү көтөрүлүшү Кокон хандыгы үчүн коркунуч жаратчу чекке жеткен. Анжыян салгылашынан кийин Пулатхан убактылуу ордосун Асакедеги кыштак базарына орнотуп, хандыкка нааразы калкты кашына топтой баштаган. Анжыянга тушташ жайгашкан кыргыздар Асакеге агылып, көп өтбөй анын аскеринин саны 12 миңге чамалаган. Маргалаң шаарынын козголоңчулардын колуна өтүшү, хандыктын ички абалынын кескин начарлашына алып келген.

1875-жылдын 9-октябрында Кокондо төңкөрүлүш жасалып, Насреддин хан Хожентке качкан. Хандыктагы бийликти бир канча жүз кыргыздарды баштаган оротөбөлүк бек Абдул Гафар басып алган.


1916-жылдын бул күнү Түркстан генерал-губернатордугуна Жети-Суу областынын аскер губернатордугунан телеграмма түшкөн. Телеграммада Пржевальск уездинде жашаган дыйкандардын бүлүнгөн турак-жайлары жана азык-түлүк, кийим-кечеге болгон оор муктаждык туурасында кабарланган. Буга чейин губернатордук тарабынан көрсөтүлгөн 1000 рубль көлөмдөгү жардам сарпталып, акча тартыштыгына байланыштуу жардам көрсөтүү зарылчылыгы белгиленет.


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйын имаратында 2003-жылдын 9-октябрында «Баткен-2003» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө тематикасы Өзбекстан көмгөн миналардан курман болгон жана жабыр тарткан кыргызстандыктардын кайгылуу тагдырына арналган.


Бул күнү, 1201-жылы француз теологу, Париж университетинин негиздөөчүсү Робер де Сорбон, 1547-жылы испан жазуучусу Мигель де Сервантес, 1879-жылы немец физиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Макс фон Лауэ, 1926-жылы советтик актер Евгений Евстигнеев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG