Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

УКРАИНА: ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН ПРЕМЬЕРДИН КҮРӨШҮ ПАРЛАМЕНТТИ КЫЙРАТТЫ


Амирбек Усманов, Прага Украина парламенти 8-октябрда өлкө президентинин жарлыгы менен мөөнөтүнөн мурда таркатылды. Кезексиз парламенттик шайлоо 7-декабрда өтөт. Президент Виктор Ющенко өз чечимин парламенттик партиялардын коалициялык өкмөттү башмыйзамда каралган мөөнөттө түзө албаганы менен түшүндүрдү жана Премьер-министр Юлия Тимошенконун жеке амбициясы-«саргымтыл коалицияны» кыйратты деди. Тимошенко өз кезегинде Ющенкону мени премьер-министрликтен кетирүүгө аракеттенүүдө деп, парламентти таркатууну мыйзамсыз деп атады.

Президент Ющенко шейшемби күнү кечинде Украин парламентин таркатты. Анын алдында Юлия Тимошенко башындагы блок менен ющенкочул «Биздик Украина-Элдик өзүн өзү коргонуу блогу» парламентте «саргымтыл коалициялык топту» түзө албай калганы маалымдалган.

Виктор Ющенко өз чечимин «саргылтым коалициядагы» мурдакы ынагы-премьер-министр Юлия Тимошенконун бийликке болгон ашыкча суктугу менен түшүндүрдү улуттук телеканалдан сүйлөө учурунда:

- Менин терең ишенимде демократиялык коалицияны бир гана нерсе кыйратты: бир адамдын жеке амбициясы, бийликке ашыкча суктугу, баалуулуктарга болгон көзкараштагы айырма жана өз кызыкчылыгын улуттун кызыкчылыгынан өйдө койуу.

Виктор Ющенко жана Юлия Тимошенко 2004-жылкы «саргылтым ынкылаптан» соң өлкөнүн биринчи батышчыл өкмөтүн түзүшкөн. Быйыл 3-сентябрда Тимошенконун блогу президенттин бийлик укугун чектөө үчүн добуш бергенден кийин Ющенко коалициядан чыккан болчу.

Президенттин парламентти таркатуусуна Ющенконун саясый оппонентери нааразы. «Шайлоо өнөктүгү эки айга созулат. Шайлоонун жыйынтыгын текшерүү жана добуштарды саноого дагы эки ай кетет. Коалицияны түзүүгө бир ай керек. Өкмөттү түзүүгө эки ай зарыл. Ошентип, өлкө жети ай коалиция жараяны менен алпурушат,» деген пикирин билдирген парламенттеги Тимошенко блогунун башчысы Иван Кириленко «Азаттыктын» кабарчысына.

Ошентип, 7-декабрда Украинада 2004-жылы болгон саргылтым ынкылаптан берки үчүнчү парламенттик шайлоо өтөт. Парламенттин тез-тез алмашуусуна удаа өкмөт да алмашып жатты. Тимошенко акыркы үч жылда өкмөттү эки ирет, россиячыл В. Янукович бир жолу жана ющенкочул Эхануров бир жолу жетектеди. Бул карапайым элди да тажаткан окшойт. «Мен шайлоого барбайм. Кайра-кайра бара беребизби? Андан эмне пайда. Шайлоо болгону менен андан турмуш оңолбоду, натыйжа жок. Алар биздин өлкөнү кыйратты дээр элем,» деген киевдик пенсионер аял Ройтерс агенттигине берген интервьюда.

Ал эми Тимошенконун блогун колдогон Дмитро аттуу жигит 7-декабрда сөзсүз шайлоого бара турганын айтат:

-Арийне, мен шайлоого барам. Мен Юлия үчүн добуш берем. Ал эл үчүн жакшылык жасаган жападан жалгыз саясатчы.

XS
SM
MD
LG