Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

ТАЖИКТЕР КЫШТА АЧ КАЛЫШЫ МҮМКҮН


Улуттар Уюмунун эксперттери Тажикстандагы алты миллиондон ашуун калктын үчтөн бири быйыл кышта ач калышы мүмкүн деп эскертишүүдө. Уюмдун гуманитардык иштерди координациялоо боюнча башкармалыгы өткөн айда бул жагынан өлкө 35 миллион доллар өлчөмүндө тыкыр жардамга муктаж экенин айтып, дүйнөлүк коомчулукка кайрылган эле. Азырынча бир жарым миллиондой гана каражат жыйналды.

Улуттар Уюмунун чукул кырдаалдар боюнча регионалдык кеңешчиси Габриэлл Ваайман Тажикстанга азык-түлүк жактан шашылыш жардам көрсөтүлбөсө алдыдагы кышта 2 миллиондон ашуун киши өп-чап өзөк жалгап, ал эми 800 миңдейи таптакыр эле ач калары ажеп эместигин эскертти. Айрыкча багар-карары жокторду,жакыр-жалчыларды азык-түлүк каатчылыгы өзгөчө катуу мөгдөтүшү мүмкүн.

Өлкөдө жагдай кыйын экенин өткөн айдын этегинде Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында президент Эмомали Рахмон да моюнга алган. Тажикстандын бүткүл территориясынын 93 процентин тоо-таш ээлейт, анын 7 процентинде гана дыйканчылык кылганга мүмкүндүк бар. Ушундан улам акыркы жылдары калктын үчтөн эки бөлүгү оор абалга кабылды.

Быйыл кырдаал андан бетер кыйындады: аба ырайы кургакчыл болду,аянттарды кара таандай болуп чегирткелер каптады, дан эгиндеринин түшүмү былтыркыдан кырк процент аз жыйналды.

Өткөн кыштагы абалга кабылбас үчүн өкмөт 64 пункттан турган атайын программа түзүп,аны жүзөгө ашырууда эл аралык структуралар менен тыгыз кызматташып иштеди. Бийликтердин бул аракетин Улуттар Уюмунун гуманитардык чөйрөдөгү дагы бир өкүлү Стефани Банкер дурус баалап,көрүлгөн чаралар аздыр-көптүр проблеманын кылоосун мокотконго өбөлгө болоруна үмүт билдирди. Ири көлмөлөрдө былтыркыдан бир кыйла көп суу топтолду,натыйжада элди жетиштүү өлчөмдө электр энергиясы менен камсыздаганга мүмкүндүк түзүлдү.

Ошол эле учурда айрым эксперттер,алардын ичинде Жорж Мейсон Университетинин профессору Эрик МакГлинчи тажик өкмөтү былтыркы тажрыйбадан тийиштүү жыйынтык чыгарганынан шек санайт. “Рахмон өз элинин кам-чомун көргөнгө караганда өз бийлигин сактап калууну көбүрөөк ойлонот, - дейт ал. - Анын үсүтүнө өкмөттүн макроэкономика чөйрөсүндөгү саясатына анчейин ишенич жок”. Профессор МакГлинчи өлкөнүн борборундагы “президенттин заңгыраган сарайын ашкере ысырапкорчулуктун белгиси” катары көрсөтүп,мындай долбоорлорду тишинин кирин соруп отурган карапайым калк үчүн көрүлгөн камкордук деп айтканга болбой турганын белгиледи.

Тажик өкмөтү эл аралык коомчулуктан алган жардамдарды деле көп учурда майнаптуу пайдалана алган жок. Былтыр өлкөгө бөлүнгөн 44 миллион доллар насыяны эл аралык валюта фондусу быйыл жазда кайтарып алганга аргасыз болду. Көрсө, Тажикстандын борбордук банкы мамлекеттик финансынын абалы тууралуу фондго атайылап жалган маалымат берген экен.

XS
SM
MD
LG