Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

МАРС САРИЕВ: ОРУСИЯ ОРТО АЗИЯНЫ КОЛДОН ЧЫГАРБАЙТ


Саясат таанучу Марс Сариев Бишкекте баштала турган КМШ мамлекеттеринин саммити жөнүндө “Азаттыктын” толкунунда ой-пикир бөлүштү. Анын жүйөөсүндө, Кавказдагы окуядан кийин Орусия чочуп калды, эми ал Орто Азияны колдон чыгарбай, бекем кармашка аракет кылат.

- Бишкекте КМШнын саммити бүгүн ачылат. Ага Грузия менен Украинанын президенттери, Азербайжандын да президенти катышпайт. Грузия мүчөлүктөн чыгарылат деп атышат. Бул маселер КМШнын келечегине кандай таасир этет?

- Мен ойлойм бул маселелер көп деле КМШнын келечегине зыян алып келбейт. Азыркы келген мамлекеттер ишин кайра күчөтүп, өнүктүрүп кетет. Ал эми келбегендери көп деле зыян алып келбесе керек, КМШ иштей берет.

- 2008-жылы КМШнын алкагында транспорт, жол багытында кызматташууга артыкчылык берүү коюлган. 2009-жылы болсо Кыргызстан менен Казакстандын демилгесине ылайык энергетика жылы деп жарыялаганы жатат. Мындай жарыялоолордон натыйжа болгонун байкадыңызбы, маселен транспорт жана жол багытындагы кызматташуу боюнча?

- Азыркыга чейин көп деле пайда жок ошол келишимдерден. Бирок Кавказдагы окуя болгондон кийин Орусия чочуп калды, ал түшүнүп атат Орто Азия Орусиядан алыстап атканын. Ошон үчүн азыр өтө тагдыр чечээр мезгил болуп атат КМШны өнүктүрүп кеткенге, экономика жагынан жакшы сапаттуу иштерди кылганга.

- Демек бул жагынан алганда Орусиянын кечээки Кыргызстанга берген убадалары дагы ушул Орусиянын стратегиясынын өзгөрүшүнөн кабар берет?

- Туура. Орусия азыр түшүнүп атат, Орто Азияны, Кавказды кармап калбаса, таптакыр обочодо калат. Ошон үчүн айла жок, азыр Орусия экономика жагынан аябай күчтүү аракеттерди кылат. Жанагы айткан электр энергия, газ жагынан Кыргызстан менен аябай жакшы иштерди жасай баштайт, ошол ишке ашса болот. Ошого ишенем мен.

- Борбор Азия лидерлери дагы КМШ саммитинен кийин өзүнчө чогулуп энергетика маселесин талкуулайт экен. Бул жерде түшүнүшүү болушу мүмкүнбү?

- Мен ойлойм Орусиянын позициясы, ролу дагы чоң болот. Орусия Казакстанга, Өзбекстанга дагы сөзүн айтып, баарын жыйнаганга, бириктиргенге аракет кылат. Ошон үчүн Орусияга кошулуп, бир копромисттүү жыйынтыкка келишет деп ойлойм.

- Тилекке каршы Борбор Азия лидерлеринин жыйынына Орусиянын президенти катышпайт экен?

- Катышпаса деле, азыркы жыйындан кийин Борбор Азия лидерлери чогулганда, эки тараптуу жолугушууларда ошол маселе сөзсүз түрдө каралат. Мен ойлойм Орусия катышпаса деле өзүнүн сөзүн айтат.

- Ушул саммитте Орусия Түштүк Осетия, Абхазия маселесин коюшу ыктымалбы, алардын эгемендигин таануу маселесин?

- Жок, ушул саммитте Орусиянын дипломатиялык стратегиясы аябай күчтүү. Азыр түшүнүп атышат, саясат маселелерде база, Түштүк Осетия, Абхазия жөнүндө маселе такыр коюлбайт, азыр экономика жакка упор кылып, Орусия Орто Азияга кирип, экономика менен байлап, өзүнө кайра тартыш керек да. Ошон үчүн татаал проблемаларды, саясатты көтөрбөйт менин оюмча.

- Чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG