Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

И. ИСАКОВ: К. БАКИЕВ «АЛГА» МЕНЕН «АК ШАПКЕЧЕНДЕРДИН» КУРЧООСУНДА КАЛДЫ


Исмаил Исаковдун Коопсуздук Кеңешинин катчысы кызматынан кетүү жөнүндө президент К. Бакиевке берген арызынын көчүрмөсү «Азаттыкка» келип түштү. Анда Президент К. Бакиев «соңку учурда Акаевдин өлкөдөн качып кетишине жеткирген мурдагы «алгалыктар» менен «ак шапкечендердин» курчоосунда калганы, андан сырткары, революция учурунда жана революциядан кийин республикабыздагы элдин турмушун жакшыртуу боюнча үмүт-тилектер акталбай калды. Уламдан улам артка кетип жатабыз, айрыкча энергетика маселесинде»,-деп айтылат.

Исмаил Исаков мындан сырткары Президенттин кадр боюнча, ички жана тышкы саясатына макул эмес экенин билдирген. «Бүтүндөй өлкөбүздүн жана Куралдуу Күчтөрдүн кадыр-баркын көтөрүү үчүн көп иш кылышкан генерал Орозбаев К., генерал Югай Б., Атамбаев А., Ниязов М., Мадумаров А., Асанов Б., Каипов М., Абдылдаев М., ж. б. сыяктуу генералдар жана чыныгы патриоттор сыртта калышты. Авторитаризмдин принциптери көп байкалууда, сот жана укук коргоо органдарында коррупция, паракорлук күчөп жатат. Бул карапайым элдин кызыкчылыгына эмес, «чөнтөгү калыңдардын» кызыкчылыгына гана кызмат кылат»,- деп жазылган.

XS
SM
MD
LG