Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

И.ИСАКОВ: ЫҢКЫЛАП ТАЛАПТАРЫ ИШКЕ АШАРЫНА КӨЗҮМ ЖЕТПЕЙ КАЛДЫ


10-октябрда Коопсуздук Кеңештин катчысы Исмаил Исаков кызматтан бошотуу арызы менен президентке кайрылды. Исмаил Исаков өзүнүн мындай кадамга баруу себептери тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы менен ат жалында болгон маегинде билдирди.

“Азаттык”: - Эмне себептен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жаздыңыз?

И.Исаков: - Эң негизгиси, бүгүнкү күндө Элдик ыңкылаптын алдында беш жыл күрөшүп жүрүп, андан кийин чоң аракеттерди жасадык. Бирок элдин койгон талабын бүгүнкү бийлик аткара албай калгандыктан мен ага келишпестигимди билдирип, кызматтан кетүүнү чечтим. Себеп дегенде биз ушул система менен кетсек биз эч качан элдин талабын аткара албайбыз деп, элдин турмушун жакшырта албашыбызга көзүм жеткендиктен кетип жатам.

“Азаттык”:- Мындан аркы кадамдарыңыз кандай болот?

Исмаил Исаков: - Мындан аркы кадамдар кечээ биздин партиянын саясий кеңешинин чечимдерине жараша болот. Аны так аткарганга биз чоң аракеттерди жасайбыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG