Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:00

ООГАНСТАНДАГЫ ТЫНЧТЫКТЫН АЧКЫЧЫ – СҮЙЛӨШҮҮБҮ?


Амирбек Усманов, Прага Ооганстандагы катаал жагдай дагы осолдошу ыктымал АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб акимдеринин биргелешкен комитетинин төрагасы Майк Муллин экенин 9-октябрда эскертти. Адмирал Муллиндин бул сөзү президент Карзай башындагы Ооган өкмөтүнүн талиб козголоңчуларынын кеңири жайылып бараткан чабуулдарын баса алары күмөндүү экенин күбөлөйт. Өлкөдө тынчтык орнотуу үчүн Хамид Карзай талиптер менен мунасага барыш керекпи? Бул маселеге Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти кандай карайт?

АКШнын Тышкы иштер департаментинде талиптер менен сүйлөшүү Ооган өкмөтүнүн ыктыярындагы иш деп санашат. АКШнын Мамкатчысынын Түштүк Азия боюнча орун басарынын жардамчысы Пэт Мун «Азаттык» радиосуна берген интервьюда, Вашингтон, асыресе, президент Карзайдын тынчтык жаатындагы ар кандай аракетин колдоорун тастыктады:

-Ооганстандын эли менен Кошмо Штаттар эмес Ооган өкмөтү сүйлөшөт. Биз, албетте, Ооган өкмөтүн колдойбуз жана Ооганстандагы чатактын тынчтык жолу менен чечилишине өтө ынтызарбыз. Чечимди Ооган өкмөтүнөн күтөбүз.

Пэт Мундун оюнча, Ооган жетекчилиги талиптердин курал жарагын таштоосуна жана конституцияны урматтоого ынануусуна карай алар менен кызматташканы жөндүү болот.

АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс да жакында Ооганстандагы кырдаалда жөндөөгө талиптерди тартуу аз да болсо өлкөдө тынчтык орнотууну ылдамдатат деген пикирин билдирген. АКШнын чабарманы Кай Эйда да Ооганстандагы согушта ийгилиике саясый жол менен жеңиш керек деген ишенимде.

Ооганстандагы НАТО башындагы көп улуттуу күчтөрдүн лашкер башчылары да Ооганстанда куралга таянып, тынчтык орнотуу мүмкүн эмес деп эсептешет. Франциялык күчтөрдүн башчысы, генерал Жан-Луи Жоржин да 8-октябрда француз телеканалына берген интервьюда Ооган кризисин аскерий күч менен чечүүгө болбосун айткан. Андан бир аз мурда Ооганстандагы Британ аскерлеринин командачысы Марк Чарльтон-Смит «Санди Таймс» гезитине согушта жеңүү мүмкүн эмес экенин мойнуна алып, «сөз талиптердин коркунучун азайтуу жөнүндө болуш керек» деген пикирин айткан.

«Бул маселедеги АКШнын көзкарашы кандай?» деген суроого Мамдепартаменттин жооптуу кызматкери Пэт Мун мындай дейт:

-Бизде аскерий жеңишке жетүү керек деген ой жок. Биз Ооган өкмөтү элге кызмат көрсөтүүсүнө жардамдашуу жана Ооган элинин өнүгүүсүнө ыңгайлуу коопсуздук жагдайын камсыздоо үчүн бул жерде жүрөбүз.

Буга жетишүү үчүн, Мундун айтымында, Ооган армиясы менен Ооганстандагы эларалык тынчтык аскерлери оперцияны пландоодон тартып, аны ишке ашырганга чейинки өз ара кызматташуусун дагы да жакшыртуусу шарт.

XS
SM
MD
LG