Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

ЕВРОБИРИМДИК РОССИЯ МЕНЕН АРАЗДАШУУНУ КААЛАБАЙТ


Амирбек Усманов, Прага Евробиримдик Россия менен грузин чатагына чейинкидей кызматташууну кайра улантууга камданууда. Россиянын Грузияга басып кирүүсүн катуу сындаган уюмга мүчө өлкөлөр Биримдиктин 15-16-октябрда болчу жыйыны алдында мурдакы катуулугунан тайышууда, деп билдирет «Азаттыктын» Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякас. Биримдик, ошол эле учурда, адам укугун орой бузууларга байланыштуу Белоруска жана Өзбекстанга каршы мурда киргизген санкцияларын жеңилдетүүнүн амалын ойлонууда.

Франция жана Германия, Брюсселде иштеген дипломаттардын сөзүнө караганда, Евробиримдик-Россия арасындагы кызматташуунун жаңы келишими боюнча сентябрдын башында токтотулган сүйлөшүүнү улантуунун демилгечилери болууда. Алардын айтышынча, Москва өз аскерлерин Грузиянын түздөн түз башкаруусундагы аймактардан 10-октябрга чейин чыгарып кетип, 9-сентябрдагы келишимди аткарды.

Муну Биримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Хавьер Солана өткөн жума күнү жасаган билдирүүсүндө тастыктады. Бирок ошол эле күнү Биримдиктин учурдагы төрагасы-Франциянын тышкы иштер министри Кушнер ырасмий Москва Грузиядан аскерлерин чыгарганы менен, уруш башталганга чейинки өңүтүнө толук кайтпаганын Сочиде кабарчыларга билдирди:

-Бул али бүтө элек. Бул узак жараян. Биз азыр жараяндын башында турабыз

Кушнер ошентип орус аскерлери урушка чейин Грузиянын ээлигинде болгон Түштүк Осетиядагы Ахалгор районунан жана Кодори капчыгайынан чыгып кете элек экенине ишаара кылды.

Британия, Польша жана Балтия өлкөлөрү Россия ушул эки аймактан чыгып кетмейин, Москва менен сүйлөшүү улантпоо керек деп санашат. Анткен менен, «Азаттыктын» Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякастын билдиришинче, Польша жана Балтия өлкөлөрү Чыгыш Европада мындан ары колдоо тапчудай эмес. Себеби, Россиядан керектеген газынын көп бөлүгүн алган Мажарстан жана Словакия эзели Москва менен жакшы ымалада. Чехия Жаңы жылдан Евробиримдикке төрагалык кылат. Бул жагдайда Чехия Россия менен араздашууну каалабайт деп боолголойт Лобякас.

Евробиримдик Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу уюму жана АКШга кошулуп, 28-сентябрда Белоруста болгон парламенттик шайлоону Белоруска, ошондой эле Өзбекстанга каршы мурда киргизген санкцияларына жеңилдетмек болууда. Белорусту камоого алуунуи коюп, кызматташууга өтүү Россиянын өлкөдөгү таасирин чектөөгө мүмкүндүк берет, дешет брюсселдик саясатчылар менен дипломаттар.

Евробиримдиктин бул кадамы, Лобякастын баамдашынча, уюмдун дүйнөлүк саясаттагы ордуна болгон көз караштын жана соңку мезгилде эларалык жагдайдын өзгөрүүсүнө байланыштуу.

XS
SM
MD
LG