Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

ТАЛАСТА ШАЙЛОО ЖЫЙЫНТЫГЫ НААРАЗЫЛЫК ЖАРАТТЫ


5-октябрда жергиликтүү кеңешке болгон шайлоодо өтпөй калган талапкерлер шайлоо Талас шаарында жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү менен өтүп, бир топ мыйзам бузууларга жол берилди деп нааразы болуп жатышат. Алар шаардык сотко жана шайлоо комиссиясына кайрылышканын “Азаттыкка” айтып, маселе чечилбесе республикалык деңгээлдеги бийлик өкүлдөрүнө кайрылууну көздөшүүдө. Жергиликтүү администрация башчылар шайлоо калыс, так өткөнүн айтып, жогорудагы дооматарды четке кагууда.

Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо айыл жергелерине карганда Талас шаарында бийликтин кийлигишүүсү менен өтүп, мыйзам бузуулар көп болду деген дооматтарын шаар боюнча өтпөй калган 40ка жакын талапкердин 9 талапкери айтышууда. Шайлоо башталганда эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан өтө тургандардын тизмеси түзүлүп калган тууралуу сөз көп айтылып келди. Мындай маалыматты шайлоочу талапкерлер жада калса жергиликтүү бийлик башчылар да өздөрү айтып жатышты. Шайлооого бийлик кийлигишкен үчүн ушундай чатак чыгып жатат, дейт Талас шаардык кеңешке №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп өтпөй калган Кубанычбек Осмонов:

- Биздин негизги дооматыбыз шайлоодогу өтө бурмаланган, бизге берген добуштарыбыздын бардыгы кем кылган, ошону тактоо боюнча. Элдин эң мыктысы 35 пайыздайы добуш бергенге катышты. Бүгүнкү күндө 75 пайыздан ашык эл катышты деп атышат. 35-40 пайыз эл жөн гана киргизилген. Ошону паспорттук данный менен кол койгону менен тактап бергиле деп атабыз биз. Тигини-муну кой деген указаниелер болду деп башынан айтылып келди эле, биз ишенген эмеспиз башында.

Талас шаарынын мэри Эркин Турсункулов жогорудагы нааразычылыкты четке кагып, жергиликтүү бийлик шайлоого киришпегенин жана бул жөн гана ич күйдүлүктөн чыккан арыздар дейт:

- Бурмалоо, же оңдоо деген бул болбогон нерсе. Андай фактылар жок. Ал эми арызданып аткандарды бир четинен туура түшүнөм, бул ичи күйдүүлүк болот, эмне үчүн мен өтпой калдым, мага көбүрөөк добуш бериш керек эле деп. Бул жерде мэриянын эмне тиешеси бар, ар бир шайлоочу кабинага кирип өз каалаганына жүрөгү менен добуш берет.

8-октябрда жогоруда айтылган өтпөй калган 9 талапкер шайлоо баракчаларды кайра санаттыруу максатта Талас шаардык сотко кайрылышкан. Талас шаардык соттун судьясы Аскар Сүйүнбаев арызды кайра арыз ээлерине кайтарып берип бул боюнча биринчи арызды шайлоо комиссияларына бериш керек деп арыздануунун жол жобосун бийликке нааразы болгон талапкерлерге төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Арыз берүүчүгө кайтарылып берилсин. К.Осмонов, Н.Сабалиевге жана башкаларга жогоруда турган шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга тийиштүү экени түшүндүпүлсүн. Аныктама 5 күндүн ичинде надзор иретинде даттанылышы мүмкүн.

Өтпөй калган талапкерлердин бири Кубанычбек Осмонов эгер шаардык шайлоо комиссиясы убада бергендей шайлоо баракчаларды кайра санаттырбаса анда облустун губернаторуна андан ары республикалык деңгээлдеги бийлик өкүлдөрүнө кайрылып маселени акыйкаттуу карап берүүнү талап кылышаарын "Азаттыкка" маалымдады.

XS
SM
MD
LG