Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

ЖАЛАЛ-АБАТ: ДАН ЖЕТИШТҮҮ ДЕГЕНГЕ ЭЛ ИШЕНБЕЙТ


Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абат Жалал-Абат облусунда быйыл дан эгиндеринин түшүмү былтыркыдан жогору болду, же 114 миң тонна түшүм жыйналды. Бирок мындай маалыматтарга жергиликтүү тургундар ишенбейт. Коомчулуктун көз карашында суу тартыш, үрөн, жер семирткич, күйүүчү май кымбат болгон чакта көптөгөн дыйкандар үлүш жерлеринен жарытылуу эгин жыйнай алышкан жок. Анан кантип азык-түлүк кризиси болбойт дегенге ынанууга болот?

Облустун айыл чарбасына ыңгайлуу аймактарында дан эгиндеринин түшүмү былтыркыдан жогору болду. Буудай өстүрүүгө муктаж каражаттар өкмөт тарабынан арзандатылган баада берилди. Эгиндин дүн түшүмү 114 миң тоннага жетти. Тоолуу аймактар 20 центнерден да аз эгин жыйнашты. Сузак районунда 3 миң гектарда кайракы буудай болбой калды. Облустук бийликтин агрардык бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жээналиевден алынган ушундай маалыматка караганда калкка жетишсиз болгон ун-дан азыктары ишкерлер тарабынан сырттан ташылып келинет:

- Дан эгиндерге көбүрөк көңүл бурула баштады. Быйылкы жылы түшүмдүүлүк аябай жакшы болду.

Облустун Ноокен районундагы «Кенч» акционердик коомунун дыйкандары дан азыгы менен ашыкча камсыз болду. Чарба ар бир адамга акысыз түрдө 200 килограммдан буудай таркаткан. Андан сырткары биологиялык таза жашылча-жемиш, ун-май, эт менен камсыз болгон. Бирок чарбанын төрагасы Акыбай Сооронбаевдин оюнда айыл чарба тармагында өкмөт берген каражаттар натыйжалуу иштетилген жок. Өлкө боюнча жүздөгөн танап жерлердин жайдак калганы маалым болгон. Туруктуу айыл чарба саясатынын жоктугунан тармак башчыларынан жоопкерчилик суралбай келатат, деди ири чарбаларды уюштуруу демилгесин көтөргөн Акыбай Сооронбаев:

- Кайтарымдын натыйжасы жакшы болгон жок. Президент өзү өткөргөн өкмөттүк жыйында бош калган жердин аянты 100 метрден ашык. Ушуга кимдир бирөөлөр жооп бериш керек эле. Себеби ушунча инвестиция болгон тармактан мындай бош жер калбаш керек эле, түшүмдүүлүк көтөрүлүш керек эле, ири дыйкан чарбалардын саны көбөйүш керек эле, жалпы дыйкандардын кирешеси жооп бериш керек эле. Ушуга кимдир бирөө жооп бериш керек. Өкмөткө бул сабак болуш керек. Кийин колдолор да чар жайыт кетсе, бирөөлөрдүн кызыгы үчүн кетип калса айыл чарба өнүгүшү аябай кыйын. Айыл чарба өнүгүшүнүн үч сунуш бар. Биринчиси, ири чарба реалдуу түрдө түзүлүш керек, экинчиси экологиялык продукцияларды өндүрүп сатууга багыт алыш керек, үчүнчүсү айыл чарбага тиешелүү мамлекеттик структураларда дагы озгөртүү жасаш керек. Ири чарбаны түзмөйүнчө барыбир айыл чарба өнүкпөйт, дүйнөлү рынокко чыгалбайбыз. Ошону түзүш үчүн өкмөт так программа иштеп чыгыш керек.

Кыш айлары менен эмки жылы калктын курсагы ачпай калат деген токпейил убадаларга ишенүү кыйын. Сузак районунан Максат Абдыкаимовдун пикири боюнча дан эгиндери ашыкча жыйналды деген маалыматтарды аныктап-тактап текшерген уюм жок. Жогорку уюмдар адам ынангыс көрсөткүчтөр тууралуу билдирүүлөргө корстон болушуп, “баары жайында экен” деген тейде маашырланат. Жергиликтүү бийликтер баштагыдай эле кошуп-жазуулар менен алектенип, өздөрү баш ийген чоңдордун алдында жеме укпоонун аракетин кылышат деген оюн билдирди Максат Абдыкаимов:

- Айылдарды аралап жүрөм, өзүнө жетсе жетет, мамлекетке аша турган буудай эккен жок. Стат отчетту берип атасыздар, мынча тонна Казакстандан алдык деп, кечирип коесуздар биринчи кабинеттен отуруп алып эле кыйкыра бербестен, кыдыргыла. Ошондо билесиңер, жерлерде бир карыш болгон буудайды көрдүм, ошондон эмне чыгат, бир тонна буудай чыкпайт. Ошону силер гектарлап эсептеп атасыңар.

Максат Абдыкаимовдун пикирине үндөш ойду тоолуу айылда жашаган Жолдошали Биймурзаев карыядан да уктук. Анын айтымында кымбатчылык тегиз каптап, кургакчылык болуп, үрөн, жер семирткич, күйүүчү май жана башка каражаттарга дыйкандардын бардыгынын эле колу жеткен жок. Суунун тартыштыгынан тоо кыштактарында түшүм болбой калды:

- Күндүн ысыгына байланыштуу буудайдын бою өспөй, бир карыштап кичине эле баш алган. Бирок ылдый жактагы сугат жерлердеги буудайды мактап атат, бизди ошого теңеп атат. Бирок түшүм аз. Буудайдын уругу, дарысы кымбат. Сойлук басып кеткен, ошондуктан айдабай койгом.

XS
SM
MD
LG