Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:35

ФОРУМ 2000: ИШЕНИМ КАЧАН СОКУР ФАНАТИЗМГЕ АЙЛАНАТ?


Ушул күндөрү Чехиянын баш калаасында Форум 2000 жыйыны өтүүдө. 1997-жылдан бери жылыга өтүп келаткан был жыйында ар кыл өлкөлөрдөн укук коргоочулар, саясий ойчулдар жана саясатчылар Прагада бүгүнкү замандын көйгөйлөрү боюнча ой бөлүшүшөт. Азаттыктын кабарчысы Чарльз Рекнагелдин суроолоруна форумдун аткаруучу директору Олдрих Черный жооп берген эле.

Азаттык: - Быйыл Форум-2000 "21-кылымдагы ачыктык жана фундаментализм" деген теманы тандап алытыр. Анын ичинде "ишеним жана фанатизм" деген темада өзүнчө комитетте талкуу болот экен. Кейпи, бул эки көрүнүштүн ортосундагы айырмачылыкты сөз кыласыңар го?

Ондрей Черный:- Жыйын катышуучуларынан биз дал ушуну сурагыбыз келет. Диний ишеним качан жана кандай шартта сокур фанатизмге айланат? Менимче Сребреница жана Руанда сыяктуу жерлердеги улуттар аралык согуштар жана геноцид сыяктуу адам баласынын көптөгөн зөөкүрлүктөрүн эмес, түндүк уюлдагы муздун эришин тарыхтын бүтүшү деп жатышкандыгына бардык катышуучулар өкүнүчүн билдиришет болуш керек. Бул комитетте дал ушул маселеге, андай көрүнүштөрдү алдын-алууга көңүл бурулууда.

Азаттык: - Дагы бир комитетте "Алдуу-күчтүүлөр жана алсыздар" деген темада талкуу жүрөт экен. Бул эки тарап ортодогу айырмачылыктарын кандуу күрөш менен да, тынчтык жолдор менен да чечип келатканы тарыхтан жакшы белгилүү. Бул тема кандай багытта талкууланат?

Ондрей Черный:- Биздин жыйын Форум-2000 болгондуктан, аталган комитетте да адам укуктары көңүл чордонунда болот. Биз кантип укук коргоочуларга жардам бере алабыз? Өнүккөн маалымат технология заманында алардын добушунун кеңири угулушуна кантип жетишебиз? Комитет ушуларды сөз кылып, 1968-жылы Варшава пактынын Чехословакияга аскер жибериши ал кезде эмнени билдирген, адаттагыдай эле азыр болуп аткан окуялар, анын ичинде Грузиядагы соңку согуш сөзгө алынат.

Азаттык: - Быйылкы жыйында "Демократиясыз заманбап дүйнө" деген тема бар экен. Демократиялуу болбогон мамлекет толук кандуу заманбап мамлекет боло алабы? Заманбап дегендин өзү эмнени билдирет?

Ондрей Черный:- Бул чынында да өтө парадоксалдуу маселе. Анткени, кечээге чейин эле заманбап мамлекетте демократия да болуш керек, Кытай жана Орусия сыяктуу заманбап мамлекеттерде демократия өсүп-өөрчүйт дечүбүз. Бирок бул эки өлкө башка жол менен баратат. Алар бүгүнкү замандын артыкчылыктарынан пайдаланып жатышат, бирок демократияга кулачын жайышкан жок. Бул эмнени билдирет, эмне кылышыбыз керек?

Азаттык: - Форум-2000 эң бир татаал коомдук маселелерди караган өзүнчө бир чакан ачык коом болуп калды. Ага диний өкүлдөр, ишкерлер, саясий жетекчилер, саясий ойчулдар катышат. Ушундай ар кыл арамдар чогулганда, ар кимиси коомдогу өз ролуна жараша сүйлөп, өздөрүн ошого жараша алып жүрүшөбү, же жаңыча бир нерселерди күтүүгө болобу?

Ондрей Черный:- Менимче бул катышуучулардын ар кимиси өз өзгөчөлүгүнө жараша болот. Мисалы Адам Михник, Полшадан, мурдагы диссидент, Газета Выборчанын редактору. Айрымдар 10-15 мүнөттө айтканды ал 3 мүнөттө жакшынакай түшүндүрүп коет. Ар ким ар кандай, бул жагынан алганда айрым күтүлбөгөн нерселер болуп кетээрин болжолдоого болот.

XS
SM
MD
LG