Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:59

8:00 Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинде өзгөрүү аз


Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Айбек Түмөнбаевдин кышка даярдык тууралуу өкмөттүн жыйынында маалымдаганы боюнча бүгүнкү күнү Токтогулдагы суунун көлөмү 9 млрд 609 млн метр кубду түздү. Жыйында айтылгандай жалпы өлкө боюнча 1 млн 133 миң тонна көмүр даярдалып, элдин кышка камылгасы аяктоонун алдында турат. Ал эми электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүүнүн натыйжасында октябрь айынын башынан бери сарпталган электр энергиясы берилген лимиттен ашырылбай, 16 млн 719 миң кВт сааттык электр кубаты үнөмдөлгөн. 1-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев электр энергиясын сарптоодо бөлүнгөн чектен ашпоону облус губернаторлоруна жана шаар мэрлерине катуу буйруду.Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызаты кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG