Нарын райондук кеңешине шайланган 29 депутаттын 25и алгачкы отурумга чогулушуп, жабык добуш берүүгө бир гана талапкер киргизилди. Натыйжада бир каршы, 24 макул деген добуш алган Муканбетаалы Курманкожоев төрагалыкка шайланды. Ак-Талаа районунун акиминин орун басары Эльмира Ашырбаева райондук кеңештин төрагалыгына 6 талапкер ат салышкандыгын жана 6 добуш алган Замирбек Качкынбаев төрагалыкка шайлангандыгын билдирди. Ал эми Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары Касен Асизовдон алынган маалымат боюнча, райкеңештин төрагалыгына 3 талапкер көрсөтүлүп, 20 добуш алган Эсенбек Темиров төрагалыкка шайланган. (KUs)