Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:00

НАРЫНДА ШАЙЛОО ЭЛДИ УРУУ-УРУУГА БӨЛДҮ


Нарын шаарында 5-октябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун алды президентке кайрылуу жазып, арты сотто жүрүшөт. Шаардагы №40 78 шайлоо участогундагы шайлоо комиссиянын катчысы өзү эки талапкер үчүн бюллетень таштап жибергени араздашууну тутантып жиберди.

Жан-Булак айлынын тургуну Рахат Төрөгелидиевдин айтымында шайлоо элди уруу урууларга бөлдү:

- Айылдык кеңештерге түшүнүгү жогу деле, түшүнүгү бары деле коюп алыптыр. Бир уруудан экөө койсо, азыраак уруудан бирөө койсо, көбүрөөк уруунуку өзүлөрүнө салып кетет.

Нарын шаарындагы №40 58 шайлоо участогунда талапкердин байкоочусу Канайым Бердибаева шайлоо ыпылас өткөнүнө токтолду:

- Бийликтин заказ шайлоосу болуп калды бул. Койгон жаштардан өткөн жок, жалаң акчалуулар жана «Ак жолдун» мүчөлөрү өттү. «Ак жол» дебегени менен, анын мүчөлөрү өттү. Мындай шайлоонун кереги жок болчу, карапайым элди аракка тойгузуп, алдап, сатып алыштын кереги жок болчу. Бакиев ким депутат болот, ошону тизме кылып туруп эле депутаттык креслого отургузуп койсо болмок.

Ал эми Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрам Тиленчиева шайлоо мыйзамдуу өттү деп билдирди жергиликтүү журналисттерге берген маалымат жыйынында.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” биримдигинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Эркин Асаналиев бул жолку шайлоодо жылыштар болгону менен одоно мыйзам бузууларга жол берилгендигин маалымдады:

- Мурунку шайлоолорго караганда кээ бир участоктордо шайлоо тынч өттү. Бирок кээ бир шайлоо участокторунда одоно мыйзам бузуулар болду. Тизме боюнча так эместик, шайлоо күнү үгүт иштери жүргүзүлдү, шайлоочуларды массалык түрдө ташып келүү жана биздин байкоочулар тарабынан айтылган “Ак жол” партиясынын үч өкүлү кирип алыптыр деп бизге акты келип түштү. Шайлоо күнү шайлоо комиссиясы жашы жетелек өспүрүмдү шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө киргизип отургузуп коюшкан.

№4063 шайлоо участогунда талапкердин биртууганы шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон. Бул боюнча Нарын шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдылда Ибраев : - Шайлоого бир күн калганда кечээ келип айтышты эжеси деп. Андан мурда билсем айтмакмын, сен тиги участокко иште деп, - деп жооп берди.

Натыйжада ал талапкер депутат болуп шайланды. Айта кетчү жагдай, Ат-Башы районунда райкеңешке катталган талапкердин бири соттолуп, айып мөөнөтү бүтө электиги шайлоого бир күн калганда билинип алынып салынса, Нарын шаарынан дагы бир талапкер соттолуу мөөнөтү бүтө электигине карабай шайлоого катышкан.

№40 78 шайлоо участогундагы шайлоо комиссиясынын катчысы эки талапкер үчүн кошуп жиберген 51 бюллетень боюнча иш шаардык прокуратурага берилген жатат.

Нарын шаарынын прокурору Майрамбек Акматалиевдин айтымында, азырынча шаардык шайлоо комиссиясынан аларга эч кандай арыз түшө элек.

Ал ортодо жети талапкер эки участоктогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып бергиле деп укук коргоо органдарына кайрылып жатса, бир талапкер бир участоктун бюллетенин санап берүүнү өтүнүп арыз жазган. Дагы бир талапкер Нарын шаарындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып берүү сунушу менен президентке кайрылуу жолдоду.

XS
SM
MD
LG