Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

АКШ ӨКМӨТҮ ТОГУЗ БАНКТЫН ҮЛҮШҮН ӨЗҮНӨ АЛАТ


АКШ өкмөтү кысталган банктардын жарнактарын сатып аларын жарыялады. Бу максатка 250 миллиард доллар сарп кылынат. Президент Жорж Буш бүгүн пландын өңүттөрүн калкка кеңири түшүндүргөнү жатат.

Өкмөттүн жаңы долбоору өлкөнүн финансы системасына бюджеттен 700 миллиард доллар каражат ажыраткан мыйзамдын негизинде жүзөгө ашырылат. Ошол эле учурда жаңы план Ак үйдүн позициясы өзгөргөнүн да билдирет. Мурда өкмөт банктардын өңчөй ликвидсиз калган активдерин сатып алууну көздөгөн эле, эми эң ири тогуз банктын өзгөчө укуктуу акцияларын өзүнө алганы жатат.

The Wall Street Journal жарыялаган маалыматка караганда минфин төрт банктын жарнактарына 25 миллиард доллардан акча сарптайт, калгандардын үлүшүн 2-10 миллиард доллардын чегинде сатып алат. Өкмөт өзүнө алган бул акциялар алгачкы беш жылда – 5, андан соң 9 проценттен пайда бериши керек. Тогуз банктын айрымдары өкмөттүн чечимине адегенде каршы чыгышты, бирок дүйшөмбү күнкү жыйында финансы министри Генри Полсондун кысымынан улам жарнактарын мамлекетке сатканга макул болушту.

“Биздин экономика үчүн катаал кезең келди, бирок коркунучтардан өтөрүбүзгө бекем ишеничте болушубуз керек. Бул жолку глобалдык финансы кризисине биргелешип жооп кайтаруу үчүн Америка башка өлкөлөр менен ийиндешип иштөөнү улантууда”, -деп айтты дүйшөмбү күнү президент Буш. Бүгүн ал жаңы пландын маанисин жана анын айрым өңүттөрүн түшүндүргөнү калкка кайрылат.

Жаңы пландын башка да элементтери бар. Атап айтканда, миңдеген чакан банктарды да инвестициялоо, банк эсептериндеги айрым депозиттерди кепилдөө өлчөмүн жогорулатуу, ошондой эле айрым банк кредиттерине өтүлдүк берүү мүмкүнчүлүктөрү каралган.

Бул чаралардын баарын АКШдан мурда европалык өлкөлөр кабыл алышкан эле. Вашингтон, кыязы, алардын кадамдарын туура тапкан шекилди. “Кошмо Штаттары да аракеттенүүдө, мындан ары да “Чоң жетинин” планында каралган чаралардын аңытында аракетибизди уланта беребиз, муну менен банктарга капитал үчүн жол ачып, катып калган кредит рыногун жандантабыз, элдин финансы системасына ишенимин калыбына келтиребиз”,- деп ишендирди Буш.

Деген менен өкмөт көрүп жаткан чаралардын майнаптуу болоруна ишеңкиребегендер да азырынча аз эмес. Алардын бири – жаңы эле Нобель сыйлыгын алган экономист Пол Кругман, мисалы, кредит рыногу тириле баштаганын алдыдагы бир нече күн көрсөтөрүн айтып, ал жанданган учурда деле экономиканы жакынкы аралыкта кайра тикелегенге жардамы тийбей турганын, азыркы кризистен чыгуу үчүн дагы көп сандаган иштерди жасоо керектигин белгиледи. Кругман АКШ дале төмөндөөнүн кырында турат деп эсептейт.

Айтмакчы, АКШда, анын соңунан дүйнөдө финансы кризиси тутанарын Кругман мындан бир жарым жылдай мурда эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG