Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

“АК ЖОЛ” АРБЫН МАНДАТ АЛДЫ, “АТА МЕКЕН” КУР КАЛДЫ


Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун тыянагы боюнча жер-жерлерде соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Айрым соттук тыянактар арыз берүүчүлөрдүн пайдасына чечилүүдө. Нааразы тараптын кыйласы БШКны административдик ресурсту колдонууга жол берди деп сындоодо. Шайлоо тыянагын тааныбай турганын буга чейин “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылы да жарыялаган эле. Борбордук шайлоо комиссиясы өз кезегинде болсо оппозициянын дооматтарын суу кечпеген доомат катары кабылдоодо.

5-октябрда шаардык, райондук, айылдык кеңештерге жалпысынан 7647 депутат шайланды. Борбордук шайлоо комиссиясы округдук шайлоо комиссияларынын тыянактарынын негизинде ушундай тыянакка келди. Нааразы тарап өз кезегинде шайлоону кезектеги көз боемочулук деп, анын мыйзамсыздыгын далилдөө менен алектенүүдө. Маселен, өзүнүн атынан 55 талапкерди сунуш кылып, бир да депутатты чыгара албай калган “Ата мекен” партиясы Бишкек шаары боюнча добуш берүү тыянагын жокко чыгаруу максатында талапкерлердин маалыматтарын чогулуп жатат. Партия лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаардык кеңешке депутаттардын 80% ар кандай жасалма жолдор менен келишкендигин айтууда. Ушундай эле көз карашты карманган “Ак шумкар” партиясы добуш берүүгө шайлоочулардын 21%и катышты деп билдирүүдө :

- Бейөкмөт уюмдар айтып атышат 30% гана келди деп. “Ак шумкар” партиясы 90го жакын шайлоо участокторунда байкоо жүргүздүк. 20% гана (шайлоочулар) келишти. А булар Кыргызстан боюнча 61% деп берип атышат, - деди партия лидери Темир Сариев.

Көз карандысыз байкоочулар тобунун маалыматына караганда учурда мыйзам бузуулар боюнча Таласта, Жалалабадда, Нарында, Балыкчыда, Бишкекте соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Алардын айрымдарында сот чечимдери арыз берүүчү тараптын кызыкчылыгында чыгууда.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо тыянактарына нааразы тарап негизинен бюллетендердин санын жашыруу, шайлоочуларды адаштыруу, байкоочуларды бюллетень саноого киргизбөө, добуштарды тобу менен үкөккө жашырып салуу, кайталап добуш берүүнү уюштуруу өңдүү дооматтарды келтирүүдө. Байкоочулардын кыйласы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүнүн кызыкчылыгына административдик күч колдонулду деген дооматтарды да айтып жатышат. Мындай доо арткандар буга “Ак жолдун” мүчөлөрүнүн партиянын атынан эмес, өз алдынча барышы ыңгайлуу шарт түзүп бергенин билдиришүүдө.

Президент Курманбек Бакиев шайлоо алдында Араван районунун коомчулугу менен жолугушууда жергиликтүү кеңештерге шайлоону саясатташтырбоого чакырган болчу:

- Ал партиядан, бул партиядан деп ызы-чуу кылыштын кереги жок. Өзүңөрдүн каалаганыңарды шайлап алгыла. Мен мындан эки-үч жума мурун айткам өзүмдүн аппарат кеңешмемде: “Ак жол” партиясынын атынан тигини чыгарабыз, муну колдойбуз дегениңерди койгула.

Анткен менен, шайлоого нааразы болгондор жеңишке жеткен депутаттардын көпчүлүгү “Ак жол” партиясынан экендигине ишендирип жатышат. БШКнын маалыматына караганда, жергиликтүү кеңештерге жаңы шайланган 7647 депутаттын 335и саясий партиялардын атынан келишти. Алар атын чакыра турган партиялардын аттары расмий айтыла элек.

Белгилүү жагы: БШК мүчөсү Абдыжапар Бегматовдун маалыматы боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка расмий түрдө 16 партия 835 талапкерди көрсөткөн. Алардын ичинен “Ак жол” 324, Социал-демократтар 201, Коммунисттер 94, “Ата мекен” 55 талапкерди даярдаган.

Шайлоону уюштуруу мыйзамдуу жүргөн жок деген дооматтын чындыгы барын “Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова сот аркылуу далилдөө аракетин жасап жатат. Укук коргоочу жана байкоочу Бишкектеги Асанбай шайлоо округунун чечими менен БШК тараткан тыянактын айырмасын билүү үчүн Биринчи май райондук сотуна кайрылды:

- Асанбай шайлоо округдук комиссиянын мөөр басылган чечими, протоколу колумда турат. Округдук шайлоо комиссиянын чечими менен БШКнын тыянагы карама-каршы келүүдө.

Укук коргоочунун айтымында, округдук шайлоо комиссиясы аныктаган депутаттар тизмесиндеги бир депутаттын ордун БШК башкага алмаштырып койгон.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG