Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:16

ЖАЛАЛ-АБАТ: СДП БИЙЛИКТИН ЭШИГИНЕН КЕТПЕЙТ


Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абат 7-октябрда СДП партиясынын Жалал-Абат облусундагы өкүлдөрү облустук бийликтин алдында бир сааттай наарызылык акциясын өткөрүштү. Алар депутат Руслан Шаботоев менен депутат Жусупжан Жээнбековдун ишкер уулу Бактыяр Амиржановдун тагдырына тынчсызданууларын билдиришти. Жергиликтүү бийликтен алардын издеп-табууга көмөктөшүүнү жана коомчулуктун талабын бийлик башчыларына жеткирүүнү талап кылышты. Партиянын облустагы координатору Батырбек Абдразаков губернатор адегенде аларды кабыл албоого аракет кылгандыгын, эл өкүлдөрүнүн талабы менен гана жолугушуу болгонун билдирди. Координатордун мындай пикирин облбийликтин маалымат катчысы шашылыш билдирүү катары баалады.

Губернатор менен сүйлөшмөк болгон кишилерди нөөмөттөгү күзөтчүлөр облбийликтин имаратына киргизишкен жок. Cоциал-демократиялык партиянын облустагы координатору Батырбек Абдразаков баштаган аксакалдар облус башчысы менен жолугушууга аракет жасады.

Облбийликтин сыртында калган ондогон адамдар депутат Жусупжан Жээнбековдун 24-сентябрдан бери дайынсыз жоголгон уулу Бактыяр Амиржанов менен депутат Руслан Шаботоевдин тагдырына тынчсыздануусун жашырышкан жок. Колдоруна тасма кармаган адамдар бир сааттай нааразылык билдиришти. Амиржановдун тууганы Абдибали Эркинов аларды табуу боюнча буга чейнки болгон кайрылуудан жыйынтык чыкпагандыгын билдирди:

- Көкарт өрөөнүнүн жаштары, тууган-уруктары көтөрүлөт. Ал элге жардам берип аткан. Губернаторго аргасыздан келдик.

Ниязбек Рапиев Бактыярдын жумушсуз жүздөгөн жарандарды Москвада ачкан ишканасына жайгаштырып, облустун айыл-кыштактары менен оорукана, мечиттерине, кароосуз адамдарга кыйла жардам берип жүргөндүгүн жүйөө тартты:

- Эч дайын жок, ушул бизди кыжаалат кылып атат. Органдарыбыз жардам берип атабы, бербей атабы белгисиз. Эч тыянак чыкпай атат.

Токторбай Эргешов менен Аттокур Семетеев жоголгондорду табуу боюнча издөө иштерине алымсынган жок:

- Аракет кылыш керек, аркасынан депутат жоголсо, эртең биз да жоголуп кетишибиз мүмкүн.

Эки жарандын тагдырына кайдигер болбогон миңдей киши кол койгон кайрылуу президент менен Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн башчысына жиберилген.
Социал-демократиялык партиянын облустагы координатору Батырбек Абдразаков губернатордун адегенде аларды кабыл албай койгонуна нааразы болду. Бактыярдын элге жасаган жумушун түшүнгөндөн кийин облбашчы сүйлөшүүгө барган. Амиржановдун тарапкерлери элдин тынчсыздануусун президентке билдирүүнү жана ишке тартип сакчыларын тартууну сунуш кылган:

- Бактияр Амиржановдун, Шаботоевдин жоголгону боюнча Жалал-Абат облусунун губернаторуна отуздай адам келди. УВДга барсын, менин чатагым жок, мен билбейм деген шылтоолор менен 5-6 аксакалды киргизбегенинен, биз талап коюп атып кирүүгө мажбур болдук. Мен силердей элемин, телевизордон көрүп атам, угу патам, силер кандай болсоңор ошондоймун деген жоопторду берди. Сиз президетке чыгышыңыз керек, УВДга дайындашыңыз керек, контроль кылышыңыз керек, постторду коюшуңуз деген аксакалдардын сөзүнөн кийин гана бир аз жоошуп, макул деген сөзүн берди, - деп айтты Батырбек Абдразаков.

Губернатордун маалымат катчысы Орозалы Карасартовдун айтымында, СДП өкүлдөрүнүн дооматы негизсиз:

- Жеке атуулдардын арыздарын кабыл алуу боюнча атайын күндөр белгиленген. Жалал-Абат облустук администрациясы Бактияр Жээнбеков менен Руслан Шаботоевге эч кандай байланышы жок. Ал боюнча иш алып барууга укук коргоо органы эмеспиз. Ал боюнча атайын компетентүү органдар иш алып барып жатат. Бул облустун аймагында да болгон эмес. Биздин жарандар болуп аткандыктан элдин тынчсыздануусун биз туура түшүнөбүз жана кабыл алабыз, - деп жообун айтты Орозалы Карасартов.

XS
SM
MD
LG