Фрунзе шаарынын 2-баскычтагы баардык мектептери 1929-жылдын 15-октябрынан баштап окуучулар үчүн аскердик даярдык сабактарын окутууга киришишти. Мектеп окуу программасынан аскердик даярдык сабагына бир окуу жыл үчүн 62 саат бөлүнөөрү белгиленген.
Фрунзе-Рыбачье багытындагы автобус каттамы 1929-жылдын 15-октябрында ачылган. Фрунзе почта-телеграф конторасына караштуу пассажирдик автобустар эки багыт боюнча жүргүнчүлөрдү өз маалы менен ташып турууга үлгүрүшкөн.
«Советская Киргизия» гезитинин журналисттери 1934-жылдын 15-октябрь күнкү санына фрунзелик Грабовских менен Павелконун жаңы ойлоп табуусу туурасында жазып чыгышты. Маалымдоо каражатында Грабовских менен Павелколор алюминден жасалган жаңы аккумуляторду жасагандыгы кабарланган. Буга чейин чыгарылып келген коргошун аккумуляторго караганда, алюмин аккумулятору кыйла жеңил экендиги жана кубаттулукту арбын бере турган артыкчылыктары кең-кесири жазылган. Анткен менен Совет мезгилиндеги арбын изги жетишкендиктердей эле жаңы ойлоп табылган аккумулятор да өндүрүшкө киргизилген эмес.
Фрунзе шаары 1964-жылдын 15-октябрында «жаңылануу» жолуна түшкөн. Кызматтан алынган Н. С. Хрущевдун портреттери бул күнү баардык жерлерден шашылыш түрдө алына баштаган. Н. С. Хрущев буга чейин 11 жыл КПСС Борбордук Комитетинин биринчи катчылык кызматы менен СССР Министрлер кеңешинин төрагалык кызматтарында иштеп, 1964-жылы «жашы улгайып, денсоолугунун чукул начарлашына байланыштуу» иштен алынган. Айрым кыргызтсандыктар мындан бир аз мурун Н. С. Хрущевдун Кыргызстанга келгенде денсоолугу чың эле деп таңкалышса, кээ бир кишилер муну биринчи катчынын ушул жылдын август айында Ысыккөл суусуна кириши менен байланыштырышкан.
Ош шаардык кеңешинин депутаты, өзбек маданият борборунун төрагасы А. Алимжанов 2006-жылдын 15-октябрында киши колдуу өлтүрүлгөн. Депутатка кол салуу кечки саат тогуз чамасында, элдик талапкердин кафедеги тамактануу маалында жасалган.
Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы маданият күндөрү 2003-жылдын 15-октябрында башталган. Борбор шаардын Тарых музейинде Иран калкынын байыркы маданият үлгүлөрү коюлуп, кыргызстандыктар Иран калкынын көөнөргүз тарыхый байлыктары менен таанышышкан.