Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

РОЗА ОТУНБАЕВА: БИЙЛИК ИЧ АРА ЫДЫРЫП БАРАТАТ


СДПК фракциясынан Жогорку Кеңештеги депутат Роза Отунбаева партиянын саясий кеңешинин кечээги билдирүүсү бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатынан улам коомчулукка жарыялангандыгын “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, бийлик ич ара ыдырап саясий-экономикалык кризиске кептелди.

- Социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин кечээги билдирүүсүндө өлкө системалык кризиске батканы, экономикалык-социалдык абал, Конституциялык реформа жүргүзүү айтылыптыр. Расмий бийлик болсо экономикалык өсүш болуп, Конституцияны ийгиликтүү реформалап алышканын белгилеп келетат. СДПКнын саясий кеңешинин билдирүүсү канчалык деңгээлде коомчулуктун көңүлүн бурат?

- Азыркы абдан оор экономикалык кырдаалда, өзгөчө энергетика тармагындагы кризисти өзүбүз жон терибиз менен сезип жатабыз. Ушундай кырдаалда Кыргызстанда саясий абал курчуп баратканын баарыбыз эле көрүп жатабыз. Элдин бары электр энергиясынын баасы, азык-түлүктүн баасынын кымбаттыгына кабатыр болуп атышса, ак үйдөгүлөр өздөрүнүн иштери менен бири-бирине өчтүгүн көрсөтүп, элди азыр ойлогон эч ким жок болуп жатат. Ак үйдөгүлөр өздөрүнүн иштери булар үчүн эң маанилүү экенин жакында “Жаңы Кыргызстан” партиясынын билдирүүсүндө айтылып чыкты. Азыркы “Ак жолдун” бийлигинин саясаты көрүнүп калды. БШКнын мурдагы төраймы Клара Кабилова качып кетти. Коопсуздук кеңешинин катчысы баш болуп, ыңкылаптын ана башылары төш болуп булардын баары ачыкка чыгып, коррупция басып кетти, ички жана тышкы саясатта абдан чоң кемчиликтер бар деп айтып чыгышты. Биз мына бир жылдан бери трибунадан бийликтин кемчилигин, коррупциянын гүлдөп өскөнүн айтып эле келатабыз. Үч жылдан бери оппозиция айтып эле келатабыз.Ошонун бардыгы чын экенин президенттин өзүнүн эң жакын курдаштары, эң жакын жолдоштору кыйкырып, коңгуроо кагып чыгышты. Азыркы абал абдан коркунучтуу. Бийлик абдан коркунучтуу экенин өздөрү айтып чыгышты. Биздин СДПКнын билдирүүсү азыркы кырдаал жөнүндө. Бийлик мындай учурда туруксуздукту жаратып, коркунуч туудуруп жатат деп билдирүү жасадык.

- 17-октябрда президент Курманбек Бакиев жалпы Кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоору күтүлүүдө, ошого карата алдын ала СДПКнын саясий кеңеши ушундай билдирүү менен чыккан жокбу?

- Биз он айдан бери эле трибунадан болсунбу, массалык маалымат каражаттары аркылуубу айтып эле келатабыз. Азыркы болуп жаткан окуялар булар эл үчүн чоң коңгуроону берип жатат. Азыркы өкмөт элди карайбы? Энергетика, азык-түлүк маселесин карайбы? Президент деле айтып атпайбы Исмил Исаковду жаш баладай кылып көрсөтүп таарынып кетти деп. Генерал Исаков учурунда Баткен окуясында жүргөн киши, ыңкылапты баштап жүргөн киши кичинекей эскертүүгө эле таарынып кетип калмак беле. Бул азыркы бийликтин ич ара ыдырап баратканан кабар берет. Бул бийлик элди багып кете албайт. Кышты кантип кыштап чыгабыз? Бул дагы бүдөмүк. Ал эми коррупцияны айтпай эле коеюн. Мына азыр алтындын баасы абдан эле жогору. Кечээ эле комитеттин жыйыны болуп Жер үй алтын кени боюнча каралып андагы 70 тонна алтынды басып алып, эч кимге бербей жатышат. Бир тыйын кыргыз элине пайда берген жок. Талды булак деле ошондой. Ал эми Кумтөрдүн акциясы былтыр 16 доллар болчу Алмаз Атамбаевдин түзгөн келишими боюнча. Азыр анын баасы 3 долларга түштү. Биз бир жылдын ичинде 1 млрд. доллар жоготтук. Буга ким жооп берет?

XS
SM
MD
LG