Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

ТҮРКИЯДА ОКУУДАН ЧЫГЫП КАЛГАН СТУДЕНТТЕРГЕ МУНАПЫС ЖАРЫЯЛАНДЫ


Түркиянын улуттук мажилисинин Эл агартуу, жаштар жана спорт боюнча комиссиясынын кечөөкү олтурумунда 1995-жылдан бери карай кандайча себептер менен болбосун жогорку окуу жайларынан чыгарылып жиберилген студенттерге мунапыс жарыялоо жөнүндөгү мыйзам актысы бирдей добуш менен кабыл алынды. Бул аркылуу, миңдеген экс-студенттер кайрадан жогорку окуу жайларына кайтууга мүмкүнчүлүк алат.

Комиссия тарабынан жактырылып чыккан мыйзам актысы боюнча кийинки 15 жылдан бери түрдүүчө себептер менен билим алуу укугунан ажыраган миңдеген студент, белгиленген мөөнөттүн ичинде мурда окуган жайларына кайрылып окуусун уланта алышат. Бирок ошончо миңдеген студенттердин арасынан, диний ишеними боюнча жоолук тагынганы себептүү ЖОЖдордон айдалган кыз келиндердин тагдыры бүдөмүк бойдон кала берүүдө. Ошол кыз келиндердин бири Хавва Йылмаз жөнүндө International Herald Tribune гезитинин кечөөкү санында чыккан бир макалада сөз болгон. Түркияда секулярист-элитист чөйрөлөр менен, өлкөнүн өнөр-жайлуу жараянынын алкагында элеттик жерлерден шаарларга карай башталган миграция жана бул кубулуштун мыйзам-ченемдүү натыйжасы катары, чоң шаарлардын чет жакаларында козу карындай өсүп бараткан ‘гетто махаллалардын’ көпчүлүк учурда динди бекем кармаган, консерватор тургундары ортосундагы таймаштын типикалык курмандыгы саналган Хавва Йылмаз жоолук тагынат деген негизде окуудан чыгарылып жиберилген кыз-келиндердин бири гана. Аталган макалада баяндалгандай, башкаруудагы Адилет жана Өнүгүү Партиясы өзүнүн шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мусулмандарча жоолук тагынуу маселесин чечүү тууралуу убада берген менен, өкүмөт болгон соң бул иш анча деле оңой-олтоң иштерден эмес экенине көзү жетип калды. Атүгүл ушул жазгы маалда Конституциялык Сотто иши каралып, лайиктыкка каршы иш-аракеттердин очогуна айланып калгандыктан жабылып кала жаздады.

Ата энеси анча деле сопу мусулман болбогонуна карабастан Түркияда өзгөчө кийинки жылдарда чукул өрүш алган диний ойгонуу жараянына ыктап, жоолук тагына баштаган Хавва Йылмаз ушу тапта 21 жаш курагында жана ал бир ‘диссидент активист’ катары күрөшүн өз үлгүсүндөгү саясии агитация-пропаганда менен улантууга тырышып жатат. Өлкөнүн түркүн шаарларындагы митинг-чогулуштарга, заманбап Түркиянын бул чийеленишкен проблемасы тууралуу сыналгылардагы дебаттарга катышып, өз ишин жылдырууга тырышып келет.

Аталган макалада Түркиянын демократиялык тажрыйбасы мусулман ааламындагы өз үлгүсүндөгү бирден бир эксперимент экени баса көрсөтүлүп, Осмон империясы тээ 1876- жылда башкы мыйзамды кабыл алып, парламентин түзгөндөн тартып демократия менен тааныша баштаганы, өлкө эч качан арабтардай, батыштык чоң дөөлөттөрдүн отору болбой, аста секин демократиясын өнүктүрүп келе жатканына көңүл бурулат. Анда ошондой эле, Хавва Иылмаз өңдүү кыз келиндердин каршылык билдирип келаткандыгынын өзү бул өлкөнүн өзүнө үлгүлүү типикалык өзгөчөлүктөрүнөн бири экени кошумчаланат.

XS
SM
MD
LG