Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

А. СЕЙИТКАЗИЕВ: ЭКИНЧИ ЫҢКЫЛАПТЫ КӨТӨРҮҮ КЫЙЫН БОЛУП КАЛАТ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Элдик революциялык кыймылы кечээги билдирүүсүндө 24-март ыңкылабынын максаттары иш жүзүнө ашпай калганын, үч жылдан бери Курманбек Бакиев жаңылыштыктарды оңдоого мүмкүнчүлүгү жетпегенин белгилеп, rонституциялык жол менен президентти мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү чакырыгы менен чыкты. Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан коммунисттери” фракциясынын депутаты Анаш Сейитказиев “Азаттыктын” таңкы түз обосунда ушул кыймылдын талаптарына байланышкан суроолорго жооп берип, учурдагы бийлик кризиси кадр маселесинен улам келип чыгышы мүмкүндүгүн белгиледи.

- Анаш мырза, сиздин оюңузча бул кыймылдын талаптары канчалык жүйөлүү?

- Мына биз деле айтып келатабыз, Кыргызстанда үч жылдан бери кадр саясаты туура эмес жүргүзүлүп келатат деп. Мисалы Кыргызстан Коммунисттер партиясынын мүчөсүнөн бир дагы киши жооптуу кызматка коюлган жок. Эки жума мурда премьер-министр менен жолугушканда мен катуу талап койдум: кадр маселесине жооптуу мамиле кылууну жана жоопкерчилигин күчөтүүнү. Азыркы күндө биздин министрлердин көпчүлүгү Курманбек Бакиевге жардам бергендин ордуна өздөрүнүн чоң-чоң бизнестери болгону үчүн өз кызыкчылыгын элдин кызыкчылыганан жогору койгон саясат болуп жатат. Бир чети жогорудагы билдирүүлөр ушундан дагы улам келип чыгышы мүмкүн.

- Кыймыл Аскар Акаевдин түбүнө үй-бүлөлүк башкаруу системасы жеткенин белгилеп, азыр кайрадан Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу доору жүрүп жатканын айтууда. Алардын мындай дооматтары канчалык негиздүү?

-
Биз кечээ Алайдын Нура айылынан чыккандан кийин, Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда, Ош облусунун кээ бир райондорунда болуп ар кандай катмардагы эл менен жолугуштук. Бизнесмендер, карапайым элдер менен кездештик. Алар да үй-бүлөлүк башкаруу күчөп атат дегендей пикирлерди айтышты.

- Кыймылдын билдирүүсүндө эгерде Курманбек Бакиев мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе өлкөнү убактылуу революциялык өкмөт башкараары айтылды. Бул “Жаңы Кыргызстан” партиясынын билдирүүсү менен үндөшүп тургандай...

- Бизде өзүнчө эле адат болуп жатат. Жазында же күзүндө бийлик менен өкмөттү коркутуп нааразылык билдирип чыкмай көп эле болууда. Мен эми оппозицияга дагы айтып кетет элем. Бул көбүнчө кызматтан кеткендердин эле таарынычы болуп жатат.

- Элдик революциялык кыймыл менен башка оппозициялык күчтөр биригип кетип, бийликти алмаштыруу аракетин көрсө, сиздин баамыңызда кырдаал кандай болушу мүмкүн?

- Менимче, экинчи ыңкылапты кыргыз элинин көтөрүүсү кыйын болуп калат. Учурдагы энергетикалык, саясий кризис, экономикалык кризиске учурап турган мезгилибизде мындай кадамдарга баруу өтө кооптуу. Ошондуктан президент кадр маселесине катуу көңүл бурушу керек. Элдин кыжырын келтирген жетекчилер бар, аны Курманбек Бакиев деле жакшы билет, ошолордон тез арада кутулушу керек. Анан элдин турмушун жакындан билген, өндүрүштү мыкты билген татыктуу кадрлардан койсо бул маселелер тынчып калат болуш керек.

- Сиздердин фракция өкмөт башчы менен жолугушканда кадр маселесин кабыргасынан коюптурсуздар. Ал эми ушул маселе боюнча президент Курманбек Бакиевдин өзүнө кайрылып, сунуш киргиздиңерби?

- 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин Кыргызстан коммунисттер партиясынын атынан өзүбүздүн талапкерлерибизди койгонбуз. Ошондон бери биздин партиянын жетекчилеринен же региондордогу партиялык бөлүмдөрдү башкарып жаткан бир дагы өкүлүбүз жооптуу кызматтарга алынган жок. Бизде партиялык тарбияны көрүп, даярдоо системасынан өткөн, өндүрүштү, элдин турмушун жакшы билген кадрларыбыз бар. Негизинен бийликтин негизги кризиси ушул кадр маселесинен келип чыгат деп ойлойм.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG