Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:02

АКШ ПРЕЗИДЕНТТИГИНЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН АКЫРКЫ ТЕЛЕТАЙМАШЫНДА КИМ ЖЕҢЕТ?


Бүгүн АКШ президенттигине талапкерлердин үчүнчү финалдык теледебаты болот. Республикачыл партиянын талапкери Жон МакКейн менен Демпартиянын чыгааны Барак Обама Нью-Йорк штатындагы Хофтсра университетинде өтүүдө. Соңку сурамжылоолор шайлоочулар Барак Обамага артыкчылык бергенин көрсөткөн. Атап айтканда, Обаманы шайлоочулардын теңи колдосо, МакКейн тарапта алардын 42 проценти. Ошондуктан, МакКейн үчүн президенттик шайлоодон үч жума мурда өтүп жаткан телетаймаш абдан маанилүү.

Бүгүнкү телетаймашта ар бир талапкер өзүн АКШны сазга тарткан экономикалык кризис менен күрөшө аларына шайлоочуларды ишендириш керек. МакКейн шейшемби күнү салыктарды кыскартуу боюнча 52, 5 миллиард долларлык долбоорун жарыялады. Долбоордо пенсияга топтолгон акчаны банктан алганда төлөнчү салыктын өлчөмүн азайтуу да сунуш кылынат.

Обама мурда жарыялаган 60 миллиард долларлык планда да салыкты кыскартуу, жумушчуларды толук иш күнү ишететкен компанияларды колдоо жана жумушсуздарга берилчү жөлөк пулду төлөө мөөнөтүн узартуу сунушу бар.

Шайлоо өнөктүгү көрсөткөндөй, теледебатта президенттикке талапкерлер бири-бирин айоосуз сындаары күтүлүүдө. Мисалы, МакКейн 14-октябрда эле Обаманы 1960-жылдардын аягында өкмөттүк имараттарда бомба жардырып, 70-жылдардын башында Вьетнам согушуна каршы чыккан радикалдык топтун мүчөсү менен байланышы бар деп сындады:

-Сенатор Обама өзүн террорчуга коңшулаш жашагам деди. Биз сенатор Обама Американын элине чын же калп айтканын билүү үчүн алардын байланышы жөнүндө толук билишибиз керек.

Ал кезде Обама 8 же 9 жашта болчу. МакКейн өлкөнү экономикалык кризистен чыгарууга жөндөмсүз экенин жашыруу үчүн элдин көңүлүн жалчыбаган темага бурууда, дейт Обама:

-Өткөн аптада сенатор МакКейндин штабы шайлоо алдындагы апталарда экономика жөнүндөгү сөздү токтотуп, анын ордуна мен тууралуу сөз кылабыз деп жарыялады. Анын штабы: «Эгер экономика жөнүндө сөз кыла берсек, биз утулуп калабыз» деп айтышпадыбы.

Ошондуктан, теледебатта бир кезде Вьетнам согушуна каршы чыккан Уильям Эйрстин ысымы кайра жаңырчудай болуп турат. Мурдакы радикал азыр Чикаго университетинин профессору Эйрс Чикагодо Обама менен соопкерчилик боюнча долбоордо чогуу иштешкен.

МакКейн вице-президенттикке тандаган Сара Пэлин «Нью-Йорк Таймс» гезитине шилтеп, Эйрсти «өлкө ичиндеги террорчу» деп атаганга чейин барды. Ушундан улам, белгилүү журналист Уильям Кристол МакКейнди шайлоого чейинки үч жумада өлкөнүн болочогу жана коопсуздугу үчүн маанилүү темаларды талкуулоого үндөдү.

XS
SM
MD
LG