Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

14:43 Руслан Шаботоевди жана Бактияр Амиражановду издөө жаңы маалыматтар жок


Күч структураларынын башчылары бүгүн Жогорку Кеңешке депутат Руслан Шаботоевди жана депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактияр Амиражановду издөөнүн жүрүшү тууралуу жабык эшик артында маалымат берди.Жыйын соңунан кийин депутат Жусупжан Жээнбековдун “Азаттыкка” маалымдоосуна караганда, күч министрлери анын уулун издөөдө жаңы күбөлөр пайда болгонун гана билдирген. Башка эч кандай маалымат жок. Руслан Шаботоевге байланыштуу да ушундай эле сөз болгон. Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстан органдары жоголгондорду табууга жардам сурап россиялык кесиптештерине кайрылды. Издөө иштери уланууда.
(AiT)

XS
SM
MD
LG