Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

ЖАШТАРДЫН ДИНИЙ САБАТСЫЗДЫГЫ – КООПСУЗДУККА БАШКЫ КОРКУНУЧ


Жанарбек Акаев, Ош 1-октябрда Рамазан айт намазын шаардык аянтта окуйбуз деп чыккандар Ноокатта тополоң чыгарышкан. Алардын арасында 67 мектеп окуучусу да болгону анык болгондон бери түштүктөгү бир топ мектептерде түшүндүрүү иштери жүрүп, намазга жыгылган окуучулар катуу көзөмөлгө алына башташты. Мунун баарына, диний коопсуздук жаатындагы адистердин оюнда, жаштар арасында диний сабатчыздык себеп болуп жатат. Мектеп окуучулардын, студенттердин диндер тууралуу маалыматы аздыгы алардын радикал-диний топторго кошулушуна алып келүүдө. Анын үстүнө, түрдүү диний агымдардын үгүтчүлөрү да жаштар арасында чакырык иштерин күчөтүп жатышат.

Оштогу жогорку окуу жайларда диний уюмдар тарабынан уюштурулган акысыз курстар бар. Алар оюн-зоокторду да уюштуруп жүрүшөт. “Айылдан жаңы келген жаштарда, адатта, дин тууралуу терең түшүнүгү деле болбойт. Андыктан аларды түрдүү секталарга оңой эле имергендер көп”, - деген билдирүү таратты Оштогу “Прогресс” деп аталган уюм. Бул – жаштардын уюму. Анын жетекчиси Эрнис Толтоев аймактагы диний уюмдардын ишмердүүлүгү катуу көзөмөлгө алынышы керек деп ишенет. Анын пикиринде, соңку учурдагы диний кырдаалдын курчуп баратышына да жаштар арасында диний сабатсыздыктан келип чыккан жагдайлар себеп болууда.

- Студенттер диний агымдарга туш болушу көп кездешчү болду. Мисалы, “Жаңы жашоо” деген диний секта студенттер үчүн акысыз окуу курстарын уюштуруп, өздөрүнө тартышат экен. Окуткан соң, өздөрүнүн уюму тууралуу акырындап аң-сезимине сиңирүүгө аракет кылышат, - дейт Эрнис Толтоев.

Шаардагы жогорку окуу жайлардын биринде 3-курста окуган Эрнис Нурматов өзү менен тайпалаш достору тамак-ашы акысыз арзан батирде жашашканын, ага да бирге жашоого сунуштар болгонун билдирди.

- Азыр шаарда жашоо бир топ кыйындады. Алар болсо батирде арзан жашашат, айына 1000 сом эле беришет, тамак-ашы, коммуналдык кызматтар баары акысыз.

Азаттык: - Аларга кандайдыр бир талаптарды коюшабы?

- 14 китеби бар, ошолорду окутат. Анан куран китеп окутабыз дешип, башка эле диний китептерди окутушат экен. Ал үйдө балдарга сыналгы көрүүгө тыйуу салыныптыр.

Жогоруда аты аталган “Жаңы жашоо” уюму өзүн диний эмес, жаштардын уюму катары атап жүрөт. Анын мүчөсү Нургазы Ташболотов аталган уюм жаштарды эч кандай динге үгүттөшпөгөнүн айтты.

- Биз студентттердин жашоосун өзгөртүү максатында ар кандай клубдарды уюштуруп, спорттук оюндарды өткөрөбүз. Булардын баары акысыз. Студенттик жатаканага кир жуугуч машинени орнотуп бердик. Ага да бир тыйын албадык. Биз жаштарды эч кайсыл динге үгүттөбөйбүз. Бирок биз менен иштегендердин көпчүлүгү Ыйса Машаякка ишенебиз, - деди Нургазы Ташболотов.

Жаштардын түрдүү диний агымдарга кирип баратышын ОшМУнун Теология факультетинин деканы Асылбек Алиев жаштарда дин тууралуу жетиштүү маалыматтын жоктугу менен түшүндүрдү. Алиевдин пикиринде, бул кооптуу абалдан чыгуу үчүн тез аранын ичинде мектептерге жана жогорку окуу жайларына «Дин таануу» сабагын киргизүү керек.

- Азыр жаштардын дин жөнүндө түшүнүгү жок. Түшүнүгү жок адамды азгырыш оңой эле да. Мактаган жакка ооп кете берет. Менимче, жаштардын ичинде мамлекеттик деңгээлде иш жүргүзүш керек. «Дин таануу» сабагын киргизүү абзел.

Оштук саясат таануучу Санжар Тажиматов болсо соңку учурда жаштардын мамлекетке, бийликке болгон ишеничи кеткендиктен, жаштар адилеттүүлүктү динден гана издөөгө мажбур болушту деген пикирде.

- Бүгүн мамлекет өз элине адилеттүүлүктү, жакшы жашоону түзүп бере албай жатат. Натыйжалуу башкаруу болбой, мыйзамсыздык, экономикалык кризис, элдин социалдык турмушу оорлогон сайын жаштардын да мамлекетке, бийликке ишеничи жоголот. Жаштар акыйкат жашоону бир гана динден издеп калышты, - дейт Тажиматов.

Жумурияттагы диний кырдаал, ошентип, мамлекеттик жетекчилердин гана арасында эмес, студенттер арасындагы талкуулардын да негизги темасына айланды. Айрым окуу жайлардын студенттери «Дааватчылардын максаты эмнеде?» деген темада кызыл чеке талкуу уюштурушуп, суроолорго жооп издеп турган учуру.

XS
SM
MD
LG