Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

АЛИЕВ ЖЕҢДИ. ТОТАЛИТАРИЗМ КЕЛДИ.


Азербайжандагы президенттик шайлоодо күтүүсүз эч кандай жагдайлар болгон жок. Оппозициядагы негизги партиялардын бойкотуна карабастан добуш берүүгө шайлоочулардын 75 проценттен ашыгы катышты, алардын 90 процентке жакыны бийликтеги президент Илхам Алиевге дагы беш жылдык мөөнөткө мандат берди. Ага атаандаш болгондор баары биригип үч процентке жетпеген добуш алышты. Өкмөт тарабы муну Алиевдин “кынтыксыз жеңиши”, оппозиция “тоталитаризмдин келиши” деп баалашты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мазаир Панахов добуш берүүнүн жүрүшү мыйзамдагы талаптарга ылайык өткөнүн, олуттуу даттануулар жана арыздар болбогонун маалымдады. “Болгону добуш берүү эрежелерине, шайлоо тизмесине байланыштуу суроолор көп болду. Адамдар өз укуктарына да кызыгышты. Мунун баары таң каларлык иш эмес, миллиондогон шайлоочулар арасынан кең-кесири маалымат албай калгандар боло берет”,- деп түшүндү төрага.

Шайлоонун жүрүшүнө көз салган эл аралык байкоочулардын көбү, алардын ичинде КМШнын, АКШнын делегациясы добуш берүү ачык жана адилет өткөнүн кечээ эле белгилешти. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму, Еврокеңештин парламенттик ассамблеясы менен Европарламент шайлоодон жалпысынан “байкаларлык прогрессти” көрүштү, бирок аны демократиялык талаптардын бардык эле принциптерине төп келген жок деп баалашты. Билдирүүдө “талапкерлерге тең бирдей мүмкүндүк түзүлгөнү”,ошол эле учурда “бакубат атаандаштык” болбогону белгиленет.

Оппозициялык партиялар шайлоого быйыл мурдагыдан башкача баа берилерин күн мурунтан эле эскертишкен болчу. Айрым өкүлдөрдүн айтымында, Батыштагылар мунайга бай Азербайжанды өзүнөн оолактатып алгандан чочулайт, ошол себептен демократиялык принциптерге көз жумуп койгонго деле даяр.

Оппозициядагы Элдик фронт кыймылынын төрагасы Али Керимли шайлоо күнү алар чочулагандан да жаман иштер болгонун, Азербайжанда анык тоталитаризм орногонун билдирди. “Коомдук пикирди, эл аралык жамааттын реакциясын караманча элес албай, добуштар ачыктан-ачык бурмаланды, муну жадкалса жашырып-жаап жасаганга деле аракет кылышкан жок”, - деп айтты ал.

Жергиликтүү активисттер менен журналисттер да шайлоо күнү бийлик өкүлдөрү, студенттер, мугалимдер шайлоочуларды Алиев үчүн добуш берүүгө үндөп, көп жерлерде аларды коркутуп-үркүтүп блюютень салдырышканын кабарлашты. Бинагади районунда жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөсү Аида Агазефергизи “төрага экөө үймө-үй кыдырып, элди добуш берип кеткиле деп суранып жүрүп суй жыгылганын” жашырбады.

Шайлоо күнү добуш берүү аяктай электе эле Алиевдин тарапкерлери көчөлөргө чыгып, анын жеңишин таң атканча таң-тамаша менен майрамдашты.

XS
SM
MD
LG