Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:23

17-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1918-жылдын күз айында А. Сыдыков «алашордочу» жана «солчул эсерлердин анабашчысы» катары айыпталып, 17-октябрда аны жергиликтүү большевиктердин белигилүү жетекчилери жактап чыгышкан. 1998-жылдын 17-октябрында Кыргызстанда шайлоо системасына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү боюнча жаңы референдум өткөрүлгөн.

Кокон хандыгына каршы чыккан кыргыздар менен кыпчактардын көтөрүлүшү 1875-жылдын бул күндөрү күчүнө кирген. Жергиликтүү калктын көтөрүлүшкө катышы жана анын мүнөзү Россия империясынын саясатына байланыштуу өзгөрүп турганы байкалат. Орус аскерлери жергиликтүү калктын мал-мүлкүн талап алышы жана адамдарга кысым көрсөтүшү, империяга болгон нааразычылыкты жаратпай койгон эмес. Орус аскерлери Наманган аймагын толук ээлеген соң, 1875-жылдын 17-октябрында Тіркстан генерал-губернатордугуна караштуу Наманган бөлүмү уюшулган. Бул окуядан кийин кыргыздар менен кыпчактардын козголоңу жалаң эле кокондуктарга эмес, орус аскерлерине каршы мүнөз ала баштаган.

Кыргызстандагы Совет бийлигинин адегенде орногон 1918-жылдын күз айында бийлик үчүн күрөш күч алган. Пишпек уезддик большевиктер тобунун лидери Х. Хасанов жергиликтүү ревтрибунал өкүлү катары, А. Сыдыковго «алашордочу» жана «солчул эсерлердин анабашчысы» деген айыптоо койгон. А. Иваницын, И. Меркун, Г. Безбородов сыяктуу жергиликтүү большевиктердин белигилүү жетекчилери 1918-жылдын 17-октябрында Х. Хасановдун жалаасы негизсиз экендигин билдиришкен. Ал түгүл, доочу ишти бурмалап, күнөөсүз адамды айыпка жыгууга аракет жасагандыгы үчүн алар Х. Хасановго карата ревтрибуналда сот ишин козготушкан. Тергөө жыйынтыгы көрсүткөндөй, Х. Хасанов күбөөлөрдүн ар бирине 100 рублден берип паралап, аларды А. Сыдыковго каршы жалган көрсөтмө берүүгө көндүргөндүгү маалым болгон.

Кыргызстандагы шайлоо системасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жасалган кезектеги референдум 1998-жылдын 17-октябрында өткөрүлгөн. Реферундумдун негизги максаты, парламентке партиялык тизме менен шайлоо тартиби киргизилип, депутаттык иммунитет өлчөмү азайтылган.

Кыргызстанда жаралган саясий түзүлүшкө болгон коомчулуктун иренжүүсү жана оппозициянын кысымы менен бийлик 2002-жылы Конституциялык реформа жасоого барган. Негизги мыйзам тегерегинде түркүн талкуу өткөрүлүп, ар башка долбоорлор жазылып, акыры Конституциялык кеңешме сунуш кылган долбоор 2002-жылдын 17-октябрында элдик талкууга коюлган.

Мамлекет башчынын 2005-жылдын бул күнкү жардыгы менен Бусурманкул Табалдиев Башкы прокурордун милдетин аткаруучу кызматтан бошотулуп, анын ордуна Жогорку Кеңеш депутаты Камбараалы Конгатиев дайындалган.

Швейцариянын Женева шаарында 2005-жылдын 17-октябрында башталган «Парламент аралык биримдик» жыйынында Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев атуулдук коомдун өнүгүшүндө парламенттин ролу туурасында баяндама жасаган.

Бул күнү, 1831-жылы Майкл Фарадей биринчи электр динамосун ийгиликтүү сынап, 1938-жылы СССРде «За отвагу» медалы бекитилип, 1729-жылы француз композитору Пьер Монсиньи, 1760-жылы француз ойчулу Клод Сен-Симон жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG