Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Б. МАМАСЕИТОВА: КАДР ТАНДООДО КЕМЧИЛИК КӨП


Парламенттеги Кыргызстан коммунисттер фракциясынын депутаты Бүмайрам Мамасеитова бийликтин кадр саясаты, экономикалык саясат боюнча “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

- Оппозициячыл саясатчылар бийликте кадр саясаты начар жүргөндүктөн кадр кризиси келип чыкты деп күйүп-бышып жатышат. Бул маселеге Кыргызстан коммунисттер фракциясы тарабынан кандай баа берилүүдө?

- Бул кадр маселеси канча жылдан бери эле абдан орчундуу кыйын маселе болуп келе жатат. Менин жеке пикирим боюнча, ар бир жерде кадрды тандоо учурунда профессионал иштеш керек. Кечээ күнү эле биздин парламентте сөз болду, кайсы бир агенттикте бир жылда экиден-үчтөн кадрлар, жетекчилер алмашып турат экен. Ошондой болгон учурларда биз кантип кадрлардан талап кылабыз, анан ошол эле жумушту кандайча жакшы жетекчилерден күтсө болот. Ошондуктан мен ойлойм бул жерде кадрды тандоо маселесинде көп кемчиликтер болуп жатат.

- Кыргызстан коммунисттер фракциясы шайлоочулар менен жолугушканда өлкөдөгү экономикалык, энергетикалык абал боюнча маселе көтөрүлүп жатабы?

- Сөзсүз көтөрүлүп жатат. Жолугушканда эле эмес, телефондон чалышып, кат аркылуу кайрылып атышат. Мына 2-3 күн мурун эле Ноокаттан телефон чалышты, суткалап жарык жок болуп атат, 3-4 саат жарык берип, 20 саат жарык жок, бул кандай элди карайсыңарбы жокпу деп. Бул өзүңүздөргө деле белгилүү ар бир төртүнчү күнү жарым саат ар түрдүү маселелерди караган убакытта ар кандай суроолорду көтөрөбүз. Депутаттар бул маселени көтөрүп эле жатышат. Бирок тилекке каршы бүгүнкү күнү элибиз ушунчалык кыйын шартта жашап жатышат.

- Кечээ күнү парламентте экспортко кетүүчү дан-эгиндеринин, ун, өсүмдүк майлардын сезондук бажы төлөмдөрү боюнча өкмөттүн токтому колдоо таппадыбы. Мына ошол токтомго ылайык Түштүк Кореяга эки жарым миң тонна буудайды экспортко жөнөтүү маселеси да көтөрүлдү. Бул боюнча сиздердин фракция кандай чечимге келдиңиздер?

- Биз ушул токтом боюнча каршы болдук. Кечээ күнү парламентте дагы ушул маселе көтөрүлүп каралганда дагы каршы чыктык биздин депутаттар. Ошол жерде өздөрүнүн пикирлерин айтышты. Бирок тилекке каршы көпчүлүк чечет экен, “Ак жол” фракциясы колдогондуктан 51 добуш менен бул токтом өтүп кетти.

- Жеке сиздин баамыңызда берилип жаткан эки жарым миң тонна кийин биздин азык-түлүк кризисине таасирин тийгизбейби?

-Эми аны Кудай сактасын. Эгер бүгүнкү күнү бизде болгон маалымат боюнча карасак, айыл өкмөттөрдө, жер-жерлерде 12-18 центнер түшүм алган учурда дагы кысым кылып 25-30 дан бергиле, жазгыла деген маалыматтар болуп атат да, андай маалыматтар бизге келип атат. Эл менен жолугушканда деле айтып атышат, эгер ошол чын боло турган болсо биздин резервдеги буудайдын көлөмү канча, эгерде ушул маалыматтын баары жалган боло турган болсо, анда кечээ күнкү алынган токтом сөзсүз элди кыйынчылыкка алып келет. Экинчи жагынан бул токтомду кабыл алганда калган дыйкандар, ишкерлер эмне кылат. Эмнеге кореялыктарга биз ушундай мүмкүнчүлүк беришибиз керек.

- Бул жерден дагы бир депутат айтып чыкты, бир жеке ишкердин кызыкчылыгын көздөп аткан мамиле болуп атат деп.

- Биз дагы ошону кечээ күнү айттык, биздин коммунист депутат Байло өзүнүн сөзүндө дагы айтып кетти бул жерде “лоббирование” болуп атат деп.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG