Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

СДП Р. ШАБОТОЕВ МЕНЕН Б.ЖЭЭНБЕКОВДУН ЖОГОЛУШУНДА САЯСИЙ СЕБЕП ЖОК ДЕП ТҮШҮНДҮ


ЖК депутаты Руслан Шаботоев жана депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактыярдын дайынсыз жоголушунда эч кандай саясий себептер жок. Бул жөнүндө “Азаттыктагы” маегинде СДПК фракциясынан парламент депутаты Дамира Ниязалиева билдирди.

- Социал демократтар фракциясы транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов менен жолугушуу өткөрүп, негизинен жарандык авиациянын жана жол каттамдарынын абалын талкуулашпадыбы. Ушул козголгон маселелердеги негизги көйгөйлөргө токтоло кетсеңиз?

- Ооба, биздин фракция министр Сулайманов менен жолугуп, бир топ көйгөйлүү маселелерди талкууладык. Бул биринчиден жол маселеси, экинчиден граждандык авиация маселеси. Граждандык авиация маселеси ичинен айтылды, техникалык жактан сапатынын начардыгы, өтө эски учактар иштеп аткандыгы жана ошондой эле бир топ компаниялар өзүлөрүнүн учагы эмес, арендага алып иштетилип атканы айтылды.

- Өткөн айда авиа кырсыкка учураган Тегеран-Бишкек каттамындагы учакка байланыштуу өкмөттүк комиссиянын маалыматы угулдубу?

- Ал ачык айтылган жок. Бирок менин билишимче бул боюнча азыр изилдөө жүрүп атат го дейм.

- Авиа кырсыктан жабыр тарткандарга моралдык-материалдык чыгымдарды Итек-эйр тарабынан төлөтүп берүү маселеси козголдубу?

- Мен ойлойм бул азыркы эң көйгөйлүү маселе. Биз бул жолугушуудан мурун эле бул маселени алдына коюп келгенбиз сессиядан, кайрылуу боюнча дагы. Бирок официалдуу түрдө министрден маалымат мен уккан жокмун.

- Коомчулукта авиа кырсыктан жабыр тарткандардын кайгысы акырын-акырын унутулуп калуу коркунучу жокпу?

- Мен ойлойм унутулбайт. Бул канча өмүр менен байланыштуу.

- Кечээ СДП фракциясы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Мурат Суталинов менен жабык жыйын өткөрүп, депутат Руслан Шаботоев жана депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактыярдын дайынсыз жоголушуна байланыштуу маалымат берди. Бул адамдардын жоголушуна байланыштуу иликтеп-тергөө иштери кандай жүрүп жатыптыр, алар аман-эсен табылчудайбы?

- Кечээ жабык жыйында парламентте маалымат берилди. Маалыматты ички иштер министри Конгантиев мырза берди. Менин оюмча, азыр изилдөө иштери өтө жакшы деңгээлде жүрүп атыптыр, өтө терең айтылды. Эң негизи бул жерде саясий эч нерсе жок деп түшүндүк.

- Дамира айым, алар аман-эсен бекен иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгына караганда. Себеби Руслан Шаботоевдин айылдаштары, жакындары, шайлоочулары саясий акцияларды өткөрөбүз деп жакында билдирүү таратышты эле?

- Баарыбыз кудайдан тилеп атабыз аман-эсен болсо экен деп. Бирок аман-эсен, же жок деп айтканга эрте, ички иштер министри тарабынан эч нерсе деп айтылган жок бул боюнча. Бирок аман-эсен экенине биз ишенебиз. Өткөндө сиз айтып аткан сөздөр жүрүп атканын түшүндүрүштү, кайсы жерде криминал, же кишилер табылса, ошонун баарын аныктап далилдеп атабыз, албы же ал эмеспи деп. Ошондон чыккан туура эмес иштер болуш керек деп.

Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек

XS
SM
MD
LG