Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

Р.БАУЧЕР: АКШ КЫРГЫЗСТАНГА ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОЛДОО КӨРСӨТӨТ


Бүгүн Кыргызстанга АКШнын Мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер келди. Ушул эле күнү ал өлкө жетекчилиги менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкка тиешелүү бир топ маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сапарынын соңунда Баучер жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берди.

АКШнын жогорку даражалуу өкүлү Бишкекте КМШ мамлекеттеринин президенттеринин саммити өткөндөн туура бир аптадан кийин келип олтурат. КМШнын Бишкек саммити алдында бир топ жергиликтүү жана чет өлкөлүк талдоочулар бул ирээт Орусия кантип болбосун Кыргызстандан АКШнын аскерий базасын чыгартууга жетишкенге далалат жасайт деген кабар таркаган. Анын үстүнө, АКШ өкмөтү өзү да “Манас” авиабазасынын иши натыйжа бербеди деген таризде эми базанын мындан аркы ишин кайра карап чыгууну ойлоп жатканы айтылган.

Бирок Баучер мырза “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, бул өңдүү сөздөр жалган экенин билдирди:

- Бул өңдүү ушак-айыңдарды ким жаратып жатканын билбейм. Дайыма Кыргызстанга келгенде ушул өңдүү таң калыштуу сөздөрдү угам. Биз өзүбүздүн ишмердүүлүктү ачык-айкын жүргүзөбүз. Аскерий база биз үчүн да, бул региондо жашап жаткан мамлекеттер үчүн да маанилүү. Базанын мааниси анын жардамын колдонуп жаткандар үчүн да, анан терроризмден жапа тартып жаткан мамлекеттер үчүн да жогору. Биз баарыбыз Ооганстан стабилдүү, тынч мамлекетке айланышы үчүн жүрүп жаткан ишке кириштик. Базанын да негизги максаты, баалуулугу ушунда. Кеңирирээк масштабдан алып караганда, стабилдүү Ооганстанга жетишүү менен сиздер ал аймактагы Пакистан, Индия өңдүү мамлекеттер менен соода-сатык мамилелерди түзүүгө жетишмексиздер. Дал ушул ниетте биз Ооганстанда жайчылык турмуш орношу үчүн күрөшүп жатабыз. База да ошол максатка колдонулууда.

Журналисттерди кызыктырган суроолордун дагы бири энергетикалык кризиске байланыштуу болду. Өткөн аптада эле КМШнын Бишкектеги саммитинде Орусия Кыргызстанга экономикалык бир топ ири долбоорлорду сунуштаганы айтылган. Андыктан алдыдагы оор болот деп айтылып жаткан кыштан чыгууда америкалыктардын да салымы болобу деген суроо айтылды.

- Энергетика жаатында бир топ багыттарда иш бар. Биринчиден, биз кыргыз президенти менен жолукканда келишимге жетиштик. Анын негизинде энергетика жаатындагы абал жакшырып, алдыдагы кыштан оңойураак чыгууга мүмкүнчүлүк жаралат. Андан сырткары, жалпы бюджети 6 млн.долларды түзгөн программабыз иштеп жатат. Анын негизинде электр энергиясына өзгөчө муктаж ооруканалар өңдүү жерлерге убагында жарык берилип, тамак-аш менен камсыз кылынат. Үчүнчүдөн, Кыргызстан өзүнүн гидро энергетикасы жана тоо-кен байлыктары менен кантип дүйнөлүк рынокко чыга ала турганы боюнча сүйлөштүк. Бул жаатта, мисалы, Кыргызстанда электр энергиясы менен Түштүк Казакстандын базарын ээлегенге, гидро энергетика боюнча инвестиция тартууга жакшы шарттарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

Мындан сырткары Орусия аймакта таасирин күчөтүп, кыргыз президенти да Орусияга көбүрөөк ык алып баратканы байкалып жатканы тууралуу суроолор берилди.

- Кыргызстан ким менен мамиле түзсө да биз аны сындабайбыз. Биз бул жерде башка мамлекеттер менен талашка түшүп, же атаандашканы келген жокпуз. Биз Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет болушуна, кыргыз эли бакубат турмушка жетишишине кызыкдарбыз. Биз кыргыз жетекчилиги өзүнүн коңшулары менен, анын ичинде Орусия менен да, мүмкүн болушунча тыгыз кызматташтыкта болушун каалайбыз. Мындан сырткары, Кыргызстан Кытай, Индия, АКШ менен да достук карым-катнашта болгону жакшы. Өлкө чет мамлекеттерден канчалык көп өнөктөш таба алса, ошончолук көз-карандысыз болот. Биз үчүн да бул маанилүү нерсе. Кыргызстан бул жаатта жетишип жаткан ийгиликтер да бизди кубантат, - деди АКШнын Мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG