Визасыз режим маселеси боюнча АКШ менен Балтика кылаасындагы үч өлкө, ошондой эле Венгрия, Чехия, Словакия жана Түштүк Корея ортосундагы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктады. Буга байланыштуу президент Жорж Буш Ак үйдө элчилерди кабыл алып, болжол менен бир айдан соң Вашингтон аталган жети өлкөнүн жарандарына АКШга визасыз келип-кетүүнү сунуш кыла аларын кабарлады. Мындай чечим жети өлкө менен АКШнын мамилелеринде жаңы этап башталганын билдирет, алардын достугу чыңалып баратканын далилдейт.
Ушу тапта АКШга негизинен Батыш европалык мамлекеттердин,ошондой эле Австралия менен Япониянын жарандары гана визасыз кирип чыга алышат. Буга европалык калган өлкөлөрдүн лидерлери даттанып келишкен. “Мен алардын жүйөөсүнө макул болгонумду айткам”, - деп билдирди Буш. Ошондуктан эки жыл мурда администрация конгресске кайрылып, визасыз режим программасын жаңылоону өтүнгөн. Демилге акыры конгрессте колдоого алынды.
Буш бу маселеде АКШ дагы алты өлкө менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын ырастап, Ак үйгө чакырылган Болгариянын,Кипрдин,Грециянын, Малтанын, Польша менен Румыниянын элчилерин алар да жакынкы аралыкта визасыз режим программасына кошуларына ишендирди.
Вашингтондун чечимин Латвияда,Литвада жана Эстонияда куш кабар катары кабыл алып, курсант боло кубатташты. Латыштардын жана эстондордун тышкы иштер министрлери муну менен “АКШ орто жана чыгыш европалыктарга жакшы саанасын көрсөткөнүн” белгилешти. Ошол эле учурда алар Латвияда жана Эстонияда жашаган тургундардын баары эмес, болгону алардын жарандары гана АКШга визасыз барып келе аларын эскертишти.