Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

К.КОШАЛИЕВ: ЖЫШТЫКТАРДЫ БЕЛГИЛҮҮ БИР ЧӨЙРӨ БИЗНЕСКЕ АЙЛАНТЫП АЛДЫ


Аманбек Жапаров, Бишкек ЭлТР коомдук телевидениесинин мурдагы жетекчиси, коомдук ишмер Кадыр Кошалиев Кыргызстанда теле-радио жыштыктарындагы иштер жабык жүргүзүлүп, аны белгилүү бир чөйрө бизнеске айлантып алган деген ой-пикирин “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Анын айтымында, жыштыктарды бөлүштүрүүнү көзөмөлдөп турган мыкты адисттерден турган көз карандысыз Улуттук кеңеш түзүлүшү керек.

-Кадыр мырза, бүгүн Бишкекте Кыргызстанда жыштыктарды бөлүштүрүү ыкмаларынын ачык эместигинен, телерадиокомпаниялардын жыштыкты колдонуу мөөнөтүн узартуудан улам жаралган маселелер талкууланмакчы. Бул багыттагы иштердин күңгөй-тескейлерине токтоло кетсеңиз?

- Биз дүйнө коомчулугу менен бир жашап жаткандан кийин андан сырткары боло албайбыз. Бүгүнкү күндө ааламда маалымат согушу жүрүп жатат. Демек дүйнөлүк коомчулуктан Кыргызстан сыртта болбогондон кийин ушул маалымат коопсуздугуна өзгөчө маани беришибиз керек. Өлкөдө өтө чалкеш проблемалар болсо ошонун бири ушул маалымат коопсуздугу. Чындыгында жыштыктар боюнча проблемалар бар. Бул ишти жөнгө салуучу, негизинен техникалык жумуштарын ишке ашыра турган мекеме Кыргызстандын улуттук байланыш агенттиги. Ал эми жыштыктарды бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссия бар. Ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, тышкы иштер министри, коргоо министри жана башка бир топ чиновниктерден турган комиссия бар. Ал комиссия чоң маанилүү маселелер боюнча өздөрүнүн жыйындарын өткөрсө керек. Бирок ал кандайдыр бир формалдуу жашыруун, жабык, коомчулук көп деле биле бербеген жыйындарында чечим кабыл алат. Ошол ишке ашырылып келет. Бирок чындыгында бул иштин бардыгын улуттук байланыш агенттиги жүргүзөт.

-Кадыр мырза жыштыктарды берүүнүн мыйзамдык базасынын туруксуздугу медиа тармагында кеп болуп келатат. Бул тууралуу пикириңиз кандай?

- Албетте жыштыктарды бөлүштүрүү боюнча биринчиден тиешелүү мыйзамдар кабыл алынышы керек. Андан сырткары ушул жыштыктарды бөлүштүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлүш керек дагы ал жерге чыныгы ушул маселелерди жакшы түшүнгөн адисттерден турган, беш, жети же тогуз кишиден турган улуттук кеңеш түзүлүш керек. Коомчулукка ачык айкын мыйзамдын негизинде лицензияларды берип, керек учурда кайра алып турган ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн орган керек. Азыр бул тармакта иш жашыруун жабык болуп, баш аламан болуп келатат. Эч жактан көзөмөл жок.

- Кадыр мырза бүгүн жыйында козголуучу маселелердин бири жыштыктарды берүүдөгү жабыктык коопсуздук маселесине да шек келтирери козголору айтылууда. Бул маселе коопсуздукка канчалык таасирин тийгизет?

- Бул ишти жөнгө салуу керек. Ачык эле айтып коеюн, себеби дегенде жыштыктарды берүү бул чоң бизнес. Мына теле-радиодон сырткары мобилдик байланыштар “ жамгырдан кийинки козу карындай” болуп жайнап чыгып жатат. Бул жерде белгилүү бир чөйрө бул ишти бизнеске айландырып алган. Жабык болгону дагы ошондон улам. Мындай ишке жол бербеш керек. Андыктан мунун укуктук жагын тактап, экинчиден аны мамлекеттик кызыкчылыкка ылайык структуралык реформаларды жүргүзүш керек.

-Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG