Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

18:15 Кара-Кужур өрөөнүндө карышкырлар кой-короолорго кирүүдө


Сентябрь айынан бери Кара-Кужур өрөөнүнөн 25 баш бодо мал, асырэсе жылкы баласы карышкырларга жем болгон. Ал эми кой-эчкилер да бөрүлөрдүн азуусуна илинишүүдө. А түгүл карышкырлар короолорго чейин кирип келишүүдө. Мындай маалыматтарды Нарын районундагы Кара-Кужур айылдык кеңешинин жаңы шайланган төрагасы Нурлан Омошев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында 12 күн мурда карышкырларга каршы күрөшүүчү топ айыл кеңеш аймагына барышып, карышкыр уулашкан. Бирок бир да карышкыр атышкан эмес. Ал эми облустук акимчиликтен алынган маалымат боюнча, жыл башынан бери баарысы 213 карышкыр атылган жана мал чарбасына карышкырлардын келтирилген зыяны 16 миллион 715 миң сомду түзгөн. (KUs)

XS
SM
MD
LG