Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:50

ОШТУ 45 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИН БЕЛГИЛЕДИ


Жакында Ош технологиялык университети өзүнүн уюшулгандыгынын 45 жылдык мааракесин өткөрдү. Аталган окуу жайдын ректору, биология илимдеринин доктору Абдывали Токтоматов “Азаттыктагы” маегинде ОшТУдагы адис даярдоонун бүгүнкү жетишкендиктери жана проблемлемалары жөнүндө маалымат берди.

- Абдывали мырза, Ош технологиялык университеттин уюшулгандыгынын 45 жылдык мааракесин жакын арада өткөрдүңүздөр. Буга чейин техника жаатындагы бир канчалаган адистерди даярдап чыгарганыңар тууралуу маалыматыбыз дагы бар. Бүгүнкү күндө сиздердин окуу жайдан даярдалган адисттер жумуш менен камсыз болуп жатабы?

- Биз 16-октябрда 45 жылдык юбилейибизди белгиледик. Ошондо 45 жылга кылчайып карасак, 30 миңден ашык бүтүрүүчүлөрүбүз бүтүп, эл чарбасынын түрдүү комплексинде эмгектенип келгени, бүгүнкү күндө ар түрдүү тармактарда иштеп жаткандыгы бизди сүйүндүрөт.

- Окуу жайда билим берүү деңгээли кандай? Коомчулукта жаш окумуштуулар илим менен алектенбей калды деген кооптонуулар айтылып жүрөт?

- Андай тенденция болгон. Бирок бүгүнкү күндө кайрадан жаштар окутуу процессине кайрылды десем болот. Анализ кылып чыкканымда, биздин жамаатта 80 пайызга жакыны 45 жашка чейинки жаштар болуп эсептелинет. Бул илимге болгон умтулуу бар дегенди билдирет. Бүгүн бизде магистратура, аспирантура бар. Ондон ашык аспиранттарыбыз өздөрүнүн билимин өркүңдөтүп илим менен алек болуп жатышат.

- Окуу жайда студенттерди окутууда техникалык базаңар азыркы заманбап окуу куралдар менен камсыздалганбы?

- Материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү жетекчиликтин күн тартибиндеги маселе. Ал боюнча эл аралык стандарттан артта калбайлы деп дайыма тынчсызданып иш алып барабыз. Бул түштүк регионундагы бирден-бир пилоттук университет болуп эсептелет. Европалык кредит системасы, бир нече адистиктер боюнча иш алып барабыз. Экономика, туризм, экология багыттары боюнча пилоттук университет болуп эсептелет. Ошого жараша биз материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү боюнча тынымсыз иш алып барабыз.

- Маегиңизге рахмат.

Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек
XS
SM
MD
LG