Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

“АРТ ОРДО” ЭЛ АРАЛЫК ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫ БАШТАЛАТ


23-октябрда Бишкекте эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата “Арт Ордо” эл аралык фестивалы ачылат. Маданият жана маалымат министрлиги уюштуруп жаткан бул фестивалга коңшулаш мамлекеттерден бир катар театрлардын келери күтүлүүдө.

Үчүнчү ирет уюштурулуп жаткан фестиваль эртең Мамлекеттик телерадиокорпорациянын концерттик студиясында Султан Раевдин пьесасына коюлган “Меккеге карай узак жол” спектакли менен ачылат. Бул оюн “Учур” театрынын премьерасы.

-Аталган спектакль менен Алматыда өткөн эл аралык фестивалга катышып, театр күйөрмандарынын жакшы баасына татыдык, артисттерибиз да бир катар сыйлыктарды жеңип алышты- деп билдирди “Учур” театрынын жетекчиси Шаршебек Шейшенов.

“Арт Ордо” эл аралык фестивалынын салтанаттуу ачылышы 23-октябрда Т.Абдымомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрында кечки саат беште болот. Анын алкагында аталган театрдын артистери Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган “Чыңгызхандын ак булуту” спектаклин тартуулашат.

Бул фестивалда кыргыз театрларынан ошондой эле Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук театры Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме”, шаардык Арсен Өмүралиев атындагы театры кыргыз эл жазуучусунун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде коюлган “Эсимде” спектаклин сунушташат. “Эсимде” оюнун казак эл артисти Бекбулат Парманов сахналаштырган. Спектаклде негизинен жалпы энелердин образы чагылдырылган.

Фестивалга коңшулаш мамлекеттердин да театр жамааттары келишет. Атай кетсек Чымкент орус драма театры Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту”, Астананын өспүрүмдөр театры “Кыямат” романынын негизинде коюлган спектаклдерин, Тажикстандын жаштар театры, Кара калпак мамлекеттик театры “Кылым карытар бир күн”, спектаклдери менен катышышат.

-Күлүктөр ат чабышка чыкмайынча эч качан күлүк болбойт. Искусство майданында да кандайдыр театр болбосун, операбы же балетби, драмалык театр болобу бүт баардыгында тең ат чабыш, фестиваль болуп туруш керек. Менин оюмча пайдасы бар,- деди Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова.


Айжан Шаботоева, Бишкек

XS
SM
MD
LG