Алар мунун ордуна Баткенге кичи басмакана жана телеагымдарды кармап берүүчү 5 миң атайын жабдык (ресивер) орнотуп берүүгө макул экендигин билдиришти. Бул тууралуу бүгүн КР транспорт жана байланыш министринин орун басары Таалайбек Эшалиев парламенттин тиешелүү комитетинин отурумунда билдирди. Анын айтуусунда жакында Баткендеги облустук телерадиокомпаниясы тажрыйба иретинде санариптик тейлөөгө өткөрүлөт, бул үчүн телеагымдарды облустун аймагында кармап берүүчү жабдыктар зарыл. Министрдин оруну басары белгилегени боюнча мындай жабдыктар Баткендиктерге бекер таратылып берилмекчи.(ZKo)