Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

22-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


«Кыргызстан-Россия» аталган инвестициялык форумдун иши 2003-жылдын 22-октябрь күнү Бишкек шаарында башталды. Баткен окуясына катышкан жоокерлердин урматына деп Бишкек шаарында орнотулган эстеликтин салтанаттуу ачылышы 2004-жылдын 22-октябрында өткөрүлгөн.

Аламүдүн райондук кылмыш тинтүү органынын кызматкерлери 1929-жылдын 22-октябрында Мансур Мамбетов баштаган басмачылардын тобун колго түшүргөн. Мансур Мамбетов жетектеген басмачылар Аламүдүн районунун кыштактарына тынчтык бербей, калктын мал-мүлкүн тоноп келген. Буга чейин басмачылар тобун Таштыбаев аттуу адам жетектеп, ал 1927-жылы кармалып, атууга кеткенден кийин бош орунду М. Мамбетов ээлеген.

«Советская Киргизия» гезитинин 1934-жылдын 22-октябрь күнкү санына Баткен районундагы сабатсыздык туурасында макала жарыяланган. Макалада райондогу сабатсыздык айрыкча төмөн экендиги белгиленип, ал түгүл айылдык кеңештин кызматкерлери кол койгонду билбей тургандыгы кабарланат. Мындан тышкаары, райондук жетекчилер сабатсыздык менен күрөшүүнүн ордуна, райондогу үлгүлүү мектептин имаратын айылдык кеңештин кеңсеси үчүн тартып алгандыгы жазылган.

Кыргызстан президенти Аскар Акаев 2003-жылдын 22-октябрында Түркия Республикасынын өкмөт башчысы Режеп Таип Эрдоганды кабыл алган. Кыргызстан президенти Р. Т. Эрдаганды кыргыз элинин атынан Түркия Республикасынын курулушунун 80 жылдыгы менен куттуктап, өткөөл мезгилде Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн Түркия мамлкетине ыраазычылык билдирген. Р. Т. Эрдоган өз кезинде келээрки жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн 200 млн. долларга чейин жеткирүү ниетин ортого салган.

Түркия Республикасынын өкмөт башчысы Режеп Таип Эрдогандын Кыргызстандагы иш сапары алкагында ал бул күнү Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары менен жолугушкан. Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы менен жолугушуу учурунда Эрдоган палата жетекчиси Алтай Бөрүбаевди Түркияга расмий иш сапары менен келүүгө чакырган.

«Кыргызстан-Россия» аталган инвестициялык форум 2003-жылдын 22-октябрь күнү Бишкек шаарында ишин баштаган. Форумга Россия Федерациясынын вице-премьер-министри Виктор Христенко, атом энергетика министри Александр Румянцев, Евразия Экономикалык Шериктештик Интеграциялык комитетинин башкы катчысы Григорий Рапоталар катышкан. Эки күнгө белгиленген форум ишине Россиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Аскар Акаев катышып, форумдун ишине ийгилик каалагандыгын билдиришкен.
Баткен окуясына салым кошкон жоокерлердин урматына деп Бишкек шаарында орнотулган эстеликтин салтанаттуу ачылышы 2004-жылдын 22-октябрында өткөрүлгөн. Эстелик ачуу салтанатына президент Аскар Акаев катышып, анын соңунда Баткен окуясына байланыштуу Кыргыз улуттук филармониясында реквием-жыйын өткөн.

Киши колдуу өлтүрүлгөн Жогорку Кеңеш депутаты Тынычбек Акматбаевдин 300-400 чамалаш тарапкери 2005-жылдын 22-октябрында Бишкек шаарынын Алатоо аянтына пикетке чыгышты. Алар премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылышкан. Пикетчилер үчүн илгиртпей боз үйлөр тигилип, суусундук менен тамак-аш илгиртбей камсыз болушу окуянын күбөлөрүн да таңгалтырбай койгон эмес. Пикетке чыккандарды маркум депутаттын агасы Рысбек Акматбаев баштап, алардын катарында тууган-уругу жана санаалаштары менен кошо спортсмендер турушкан.

Ушул эле күнү түштөн кийин «Алатоо» аянтындагы пикетчилер менен Улуттук
коопсуздук кызматынын башчысы Т. Айтбаев, ички иштер министри М. Суталинов, Бишкек ички иштер башкармалыгынын башчысы М. Конгантиевдер аянтка тигилген боз үй ичинен Рысбек Акматбаев менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Сүйлөшүү соңунда ички иштер министри Муратбек Суталинов пикетке чыккандарды түшүнө тургандыгын жана алар конституциялык укуктарына ылайык аянтта турушканын билдирген.
XS
SM
MD
LG