Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

RWB: БАЙГЕРЧИЛИК БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИНЕ КЕПИЛ ЭМЕС


Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму жаңы эле дүйнөдөгү басма сөз эркиндигине арналган кезектеги жылдык докладын жарыялады. Бу жолу документте 174 өлкөдөгү абалга баа берилет. “Чек арасыз кабарчылар” кырдаал экс-советтик аймакта,анын ичинде Кавказда быйыл начарлап кеткенин,ал эми Борбор Азия өлкөлөрүндө баштагыдай эле бу чөйрөдө жылыш жоктугун белгилеген. Россиядагы жагдайды уюм былтыркыдан биртке жакшырды деп баалаган.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму бу жолку докладында байгерчиликти эмес, тынчтыкты жана “демократия духун” эркиндиктин, өзгөчө басма сөз эркиндигинин ишенимдүү кепили деп атаган. Уюмдун өкүлү Элза Видал “чыныгы демократия куруу үчүн демократияны жайылтуу аздык кыларын, көп өлкөлөрдө демократиянын духу жетишпей, активдүү жарандык коом түзүү айныксыз зарылдыкка айланбай жатканын” белгиледи.

Бу чөйрөдө быйыл дүйнөдө түзүлгөн жагдайды да уюм ушул позициядан баалаган. Анын жадыбалында адатта топ башында жүргөн жыйырма өлкө жалпысынан өз орундарын сактап калган. Болгону Исландиядан кийинки экинчи орунга Люксембург коюлган. Норвегияда, Эстонияда, Финляндияда жана Ирландияда басма сөз эркиндиги чөйрөсүндө дээрлик проблема жок. АКШ да быйыл көрсөткүчүн биртке жакшыртып, былтыркы 48-орундан 41-орунга өйдөлөгөн.

“Чек арасыз кабарчылар” Россияда Медведев президент болуп шайланган соң абал биртке оңолгонун белгилеген. Былтыр Россия жадыбалда 144-сапта аталса, быйыл 141-орунга жылган. Жалпысынан орус коомунда жагдай дале дурус эмес. Быйыл эле өлкөдө журналисттердин өмүрү кыйылган, кысымга алынган, атүгүл ыдыкталган учурлары катталды.

Кавказда Армения менен Грузияда абал начарлаган. Эки өлкөдө тең шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу кырдаал кыйчалыштап, чукул абал жарыяланды жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын иштери чектелди. Грузиядагы согуш учурунда бир нече журналист набыт болду.

Борбор Азиянын өлкөлөрү адаттагыдай эле жадыбалдын ортодон төмөнкү бөлүгүндө калышкан. Алардан былтыр Кыргызстан салыштырмалуу өйдөрөөк –

110-орунду ээлесе, быйыл эки тепкичке төмөндөп кеткен. Өлкөдө көз карандысыз эки гезитке ири өлчөмдө айыппул салынды, алардын жетекчилерине маалымат каражаттарына байланыштуу мыйзамдарда эмес,кылмыш кодексинде каралган жоболордун негизинде иш козголуп, куугунтукталды.

Мамлекеттик телерадио компаниясын коомдук форматка өткөрүү аракеттери жасалма тоскоолдуктар менен үзгүлтүккө учуратылды. Өлкөдө көз карандысыз маалымат каражаттарынын иши чектеле баштады.

Кыргызстандан быйыл “Чек арасыз кабарчылар” Тажикстандагы абалды биртке дурус баалап, 106-орунга койгон. Казакстан артка да, алдыга да жылган эмес. Ал эми Өзбекстан (162) жана Түркмөнстан (171) Белоруссия(154) менен бирге жылдагыдай эле эң арткы топтогу өлкөлөрдүн катарында аталган.

Өзбекстанда жакында эле көз карандысыз журналист Салижон Абдурахманов жасалма айыптар менен он жылга түрмөгө кесилди. Анын адвокаты Рустам Тулаганов милиция кызматкерлери кабарчынын машинасын текшеримиш болуп жатып наша салып коюшканын, бул журналистке каршы атайылап жасалган иш экени кашкайып көрүнүп турса да сот аны кесип жибергенин билдирди.

Быйыл эле Өзбекстанда бир нече журналист чет өлкөгө качып кеткенге аргасыз болушту. “Чек арасыз кабарчылар” бул окуяларды кескин айыптап, ушул айдын башталышында атайын билдирүү таркаткан эле.

Сүрөттө: Кыргызстанда быйыл бийликти катуу сындап келаткан көз карандысыз "Де Факто" жана "Алиби" гезиттерине президент Бакиевдин туугандарынын доосу менен бир миллион сомдон айыппул салынып, алардын жетекчилерине маалымат каражаттарына байланыштуу мыйзамдарда эмес, Кылмыш Кодексинде каралган жоболордун негизинде иш козголуп, куугунтукталды.
XS
SM
MD
LG