Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:44

ИЛИМПОЗДОРДУН ТАЛКУУ ЧОРДОНУНДА - БОРБОР АЗИЯДАГЫ САЯСАТ ЖАНА ЭКОНОМИКА


“Ата-Түрк Ала-Тоо” университетинде бүгүн “Борбор Азиядагы саясат, экономика жана социалдык абал” боюнча илимий-конференция башталды. Бул иш чаранын маани-маңызы жөнүндө “Азаттыкка” окуу жайдын эл аралык мамилелер бөлүмүнүн окутуучусу Искендер Ормон уулу айтып берди.

- Искендер мырза бүгүн сиздердин окуу жайда өтүүчү “Борбор Азиядагы саясат, экономика жана социалдык абал” боюнча илимий-конференциянын маани-маңызы эмнеде?

- Ооба, бүгүн биздин “Ата-Түрк Ала-Тоо” университети жана Кыргызстандагы Махмуд Кашкари университети, биздин Билим берүү министрлиги жана Түркиядагы Кошели университети биргелешип “Орто Азияда саясий жана экономикалык изденүүлөр” деген темада чоң конгресс уюштуруп жатат. Бул чоң илимий мааракеге дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн окумуштуулар келип катышып отурат. Алсак, АКШнын Принстон университетинен, Жорж Таундан жана Англиядан Оксфорддон, ошондой эле Түркиянын бир катар университеттеринен, биздин коңшулаш өлкөлөрдөн бир топ окумуштуулар келип, Орто Азиянын негизги саясий жана экономикалык маселелери жөнүндө өздөрүнүн изилдөөлөрүн, ой-пикирлерин ортого койгону отурушат. Биздин университеттин демилгеси менен уюштурулган бул конференциянын каржы жагынан демилгечиси, же болбосо колдоочусу Түркиянын эл аралык кызматташтык жана өнүгүү уюму болуп эсептелет. Ага дагы чоң рахмат айтышыбыз керек.

- Искендер мырза, сиздер өткөргөн ушул илимий-конференция кандай жыйынтык берет?

- Баарыбызга маалым болгондой, Орто Азия чөлкөмү Советтер Союзу таркагандан кийин геополитикалык мааниде өтө чоң өзгөрүшкө ээ болгон. Анын акыркы 2-3 жылда мааниси аябагандай артты. Ошого байланыштуу чоң өлкөлөр, чоң күчтөр өзүнчө изилдөөлөрдү жүргүзүп келатышат. Бирок биздин өзүбүздүн өлкөлөрдө, институт, мекемелерде буга байланыштуу терең изилдөөлөр көп колго алынбай келет. Биз ушуну эске алып, буга жергиликтүү демилгени, жергиликтүү боекту дагы камтыйлы, өзүбүздүн окумуштуулар ой-пиикрлерин айтып калсын деген мааниде ушул иш чараны уюштурган элек.

- Түркиядан, Махмуд Кашкары университетинен сиздердин окуу жайдан бөлөк биздин өкмөттөн экономикалык жаатындагы илимий чөйрөдөн адамдар катышабы?

- Албетте, бул жерде бир катар университеттерден, президенттин алдындагы Башкаруу академиясынан жана биздин экономика боюнча такшалып келген окуу жайларыбыздан илимпоз адистер катышат. Бул жерде бир эле экономика эмес, ошондой эле терроризм, коопсуздук, этникалык келишпестиктер, суу, энергетика проблемалары да каралууда.

- Маегиңизге рахмат.

Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек

XS
SM
MD
LG