Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:06

Пентагондун өкүлү: Терроризмге каршы согушта Пакистан биздин маанилүү шеригибиз


Исламабад Вашингтондун терроризмге каршы урушунда негизги шериги болгону менен, Ооганстандагы айрым америкалык аскерий адамдар Пакистандын чалгындоо кызматынын же армия өкүлдөрүнө анча ишене бербегенин айтышат. Пентагон Ооганстандагы талип козголоңчуларына каршы аскерий операциялардан тышкары кандай стратегия керек деп эсептейт. Ушул өңдүү маселелердин айланасында АКШнын коргоо министринин саясат боюнча орун басары Эрик Эделман “Азаттыктын” кабарчысы Рон Синовиц менен болгон маегинде сөз кылды.

- Биздин радиого берген интервьюларында айрым америкалык аскерий кол башчылар Пакистандын коопсуздук күчтөрүндөгү кээ бир адамдар козголоңчуларга каршы көрүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты талип согушкерлерине берип турчу деген шектенүүлөрдөн улам, аларга ишенбей калышканын айтышкан эле. Бирок президент Асиф Али Зардари бийликке келип, жогорку кызматтардагы кээ бир генералдар алмашкандан бери АКШ менен Пакистан күчтөрү ортосундагы алакалар жакшыргансыйт. АКШ ошол байланыштарды өнүктүрүү үчүн кандай аракет көрүп жатат?

- 2001-жылдан бери терроризмге каршы глобалдуу согушта Пакистан биздин маанилүү шеригибиз бойдон кала берүүдө. Өткөн жылы биз үчүн гана эмес Пакистан үчүн да олутуу проблемага айланган бир топ маселелерди чечүүгө бир катар аракет көрүп келдик. Себеби Ооганстанга чегаранын ары жагынан келип жаткан козголоңчулар Федералдык башкаруудагы уруулар чөлкөмүнөн Түндүк-Чыгыш чегара провинциясына өтүү үчүн башка жолдорду издешүүдө. Натыйжада эми пакистандык күчтөргө Бажаур менен уруулар байырлаган аймакта гана эмес, Сват чөлкөмүндө да согушкерлерге каршы күрөшүүгө туура келди. Мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун өлтүрүлүшүн да унутпайлы. Козголоңчулардын Пакистанга кооп жаратып жатканында күмөн жок. Өкмөт да, Пакистан армиясынын жетекчилери да муну моюнга алышат. Үстүбүздөгү жылы АКШнын Биргелешкен штабдар командачылыгынын жетекчиси адмирал Майк Моллен Пакистан Генштабынын кол башчысы генерал Парвез Каяни менен 6 жолу жолугушту. Биз аскерлерди кошумча машыктыруу, башка көмөк көргөзүү менен Пакистан күчтөрүнүн козголоңчуларга каршы күрөшүү кудуретин жогорулатууга жардам берүүнү көздөйбүз. Биз өзүбүз да Ирактагы жана Ооганстандагы жоокерлерибиздин бардыгы эле ошондой күрөшкө даяр эместигин түшүндүк. Көп сабак, кээде кайгылуу сабак алдык. Пакистан армиясы мурда Индиядан күтүлбөгөн соккуларга туруштук берүүгө машыкса, азыр ички козголоңчулар туудурган коопко жооп берүүгө даяр турушу керек.

- АКШ жана НАТОнун бир катар аскерий жетекчилери козголоңчуларга каршы стратегияга аскерий операциялар менен аба соккуларынан тышкары башка чараларды камтыш керек деп жатышат. Пентагондун көз карашы кандай бул маселеде?

-
Биз чегаранын эки жагында тең ийгиликке жетишебиз деп үмүттөнөбүз. Ал жерде чегара деген түшүнүк картографтар чийген жөнөкөй сызык эмес. Пуштундар жакындарына баруу үчүн чегараны кесип, эки жакка каттап жүрө беришет. Алар үчүн ал чегара эмес. Карапайым эл үчүн багытталган чараларды да ишке ашыруу зарыл. Козголоң менен күрөшкөндө бомба таштоодон сырткары аракеттердин 80 процентин экономикалык, социалдык, саясий өнүгүүгө багытташ керек. Андай чараларды жүзөгө ашыруу үчүн коопсуздук кырдаалын жакшыртуу зарыл.

- Америкалык аскерлер Ооганстандын батышында табылган курал-жарак Ирандан мыйзамсыз түрдө талиптер үчүн алынып келген дешүүдө. Куралды Тегеран өкмөтү менен байланышы бар адамдар ташыган деген олуттуу далилдер барбы? Же болбосо бул – талиптер менен наркотрафик жаатында кызматташкан кылмышкерлердин колунан келген ишпи?

-
Биз колго түшүргөн жүктөргө таянып, Иран талиптерге жардамын көбөйттү деп ойлойбуз. Андай окуялар бирин-серин болгону менен уланып келатат. Албетте, бул дестабилдештирген фактор жана тынчсыздантпай койбойт. Иран өкмөтү же андагы айрым адамдар андай ишмердүүлүккө барбоого тийиш. Ооганстандагы туруктуулук, анын наркопроблемага бөгөт коюу кудурети Ирандын кызыкчылыгына дал келет деп ишенебиз. Эмне дегенде, маң заттарынын айрым бөлүгү Иранга агылат.

XS
SM
MD
LG