Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Пакистан парламенти коопсуздук стратегиясын аныктады


Пакистан парламенти терроризмге каршы күрөшүү боюнча жаңы резолюция кабыл алды. Эки палатада тең дээрлик бир добуштан жактырылган документте өкмөткө өлкөнүн суверенитетин камсыз кылуу талабы коюлган.

Резолюциянын долбоору парламенттин эки палатасында эки апта бою жабык талкууланды. Кызуу талаш-тартыштардан соң акыры ал шаршемби күнү колго салынып, депутаттардын текши колдоосуна алынды. Документти мыйзамгерлер өздөрү өлкөнүн ичинде террордун коркунучуна каршы күрөшүүнүн жаңы стратегиясы деп аташты.

Резолюцияда террордун коркунучу күчөгөнү белгиленет, мамлекет өз жарандарынын өмүрүн коргоого милдеткер экени көрсөтүлөт. Мындан тышкары АКШ аскерлеринин Пакистан аймактарындагы операцияларына кыйыр жаңсоо жасалып, жалпы улутка тышкы агрессиянын ар кандай түрүнө каршы жапырт көтөрүлүүгө чакырык айтылат. Өкмөткө чет элдик аскерлердин Пакистан аймагында операцияларды өткөрүшүнө жол койбоо, өлкөнүн суверенитетин бардык чаралар менен камсыздоо талабы коюлган.

Башкаруучу Пакистан элдик партиясынын мүчөсү, Түндүк-Батыш чекара аймагынан парламенттин төмөнкү палатасына шайланган депутат Саид Алла-уд-Дин бардык саясий фракциялардын колдоосуна татыган жаңы резолюцияны “жалпы элдин үнү” деп баалап, “жараткан өзү жар болуп,ал толук жүзөгө ашарына бекем ишеничин” билдирди. Ал ошондой эле өзү жашаган аймактагы аскери операциялардын жүрүшүн сынга алып, алардын айынан талиптерге караганда карапайым адамдар көп набыт болуп жатканын да белгиледи.

Парламент резолюцияны кабыл алгандан көп аялдабай эле депутат Саид Алла-уд-Диндин провинциясынан кайгылуу кабар келди. Америкалыктардын учкучсуз аппаратынан атылган ракета жергиликтүү диний мектептердин бирине келип тийип, жети окуучу мерт кетти, дагы жыйырма чактысы жарадар болду.

Айтымда,аталган медресени талиптердин белгилүү бир жаңбашчысы өзүнө сыйынт кылып алган экен. Америкалыктар анын изине түшүп калып, бутага алынган жерди учма аппараттан бомбалоону чечишсе керек. Сентябрда да ушул эле кыштакка абадан жапырык жасалып, жыйырмадан ашуун киши жер жазданган эле.

XS
SM
MD
LG