Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

А. Саиповдун жарык дүйнөдөн өчкөнүнө бир жыл толду (Сүрөт баян)


Бүгүн белгилүү журналист Алишер Саиповдун киши колдуу болуп көз жумганына бир жыл толду. Бул күнү анын Оштогу атасынын үйүнө жакын санаалаштары, тилектештери келип, маркум журналистти эскеришти. Алишер Саипов өткон жылдын октябрь айында Ош шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ал “Америка добушу”, “Эркин Европа/Азаттык” үналгыларынын кабарчысы болуп иштеп коомчулукта оозго алынган. Соңку жылдары ал “Сиёсат” деген жумалык гезит чыгарып, Өзбекстандын өкүмзөрдүк бийлигин ашкерелеген, сындаган макалаларды жазып турган болчу.







Алишердин атасы Авас Саипов чолпондой болгон уулунун өмүрүн кыйган кыянатчыларды издеп табууну талап кылып жогорку бийлик жетекчилерине байма-бай кайрылып келе жатат.



Алишер Саиповдун артында эки айлык кызы Зулайха менен жесир калган жапжаш келинчеги Назокат дагы эле кайгыдан баш көтөрө элек.





Жакындары, дос-тамырлары, кесиптештери бүгүн Алишердин мүрзөсүнө барып, анын жаркын элесин эскерип гүл коюп, куран окушту.
XS
SM
MD
LG