Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:22

Алишер Саиповдун өлүмү үчүн ким жооптуу?


Алишер Саиповдун өлүмү үчүн ким жооптуу деген суроо ачык бойдон кала берүүдө. Айрым байкоочулар Кыргызстан менен Өзбекстандын коопсуздук мекемелеринин ортосундагы жашыруун кызматташтыктан улам, кылмыш боюнча тергөө иштери алга жылбай жатканын белгилешүүдө. Башкалары болсо Өзбек өкмөтү Саиповду каралоо кампаниясын бир нече жыл мурун баштаганын, ал өлгөндөн кийин деле токтотбогонун айтышат.

Алишер Саипов 2007-жылдын февралында “Саясат” деген гезит чыгара баштаган. Ошол кезде гезит 1 миң нуска менен чыкса, журналист өлтүрүлгөн учурда 5 миң нускага жетип калган. Басылманын көп сандарын ал өзү жашыруун Өзбекстанга ташычу. Кыргызстандын түштүгүндө да гезит бир топ окурманын тапкан.

Маркум “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысы да болуп иштеп калды. “Азаттыктын” жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин аны былтыр майда Бишкектеги кеңседен жолуктурганын, тамашалашып маектешкенин эскерет.

“Азаттыктан” тышкары Саипов “Америка добушу” менен Би-Би-Синин өзбек кызматы үчүн да жазып жүрдү. Ал эл аралык коомчулуктун көңүлүн көп улуттуу Фергана өрөөнүндөгү саясий, социалдык, диний жана экономикалык маселелерге тартууга кудуреттүү журналист болчу.

Көз карандысыз “Алиби” жана “Де факто” гезиттери жабылып, Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясын коомдук башкарууга өткөрүп берүү жараяны кечеңдеп жаткан кезде «Чегарасыз кабарчылар» уюму Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы былтыркыга караганда начарларды деген бүтүмгө келди. Ушундай жагдайлардан улам, кыргызстандык журналисттер маркум калемгерин эскерип, демократияны өнүктүрүү ишин алга жылдыруу аракетин көрүшүүдө. Укук коргоочулар болсо Саипов атындагы сыйлык уюштурууну чечишкен.
Бирок аны өлтүргөндөр жана буйрук бергендер табылбай жатканы тынчсыздантпай койбойт.

Өзбекстан менен Кыргызстандын коопсуздук мекемелеринин жашыруун кызматташтыгы журналисттин көзүн тазалагандарды табууга бөгөт болууда деген кептер да айтылып жүрөт.

- Кыргызстан менен Өзбекстан суу жана энергоресурстарын бөлүштүрүүдөн келип чыккан 17 жылдан берки талашын жөнгө салууда маанилүү прогресске жетишти. Энергоресурстар проблемсы эки өлкөнүн мамилелерине көлөккө түшүргөн негизги проблема болуп келген. Арийне ортодогу дагы бир маселени тараптардын эч кимиси козгогусу келбейт. Өзбектер менен кыргыздар суу же башка энергобайлыктары менен бөлүшө алышат, бирок эч кимиси журналист Алишер Саиповдун өлүмү үчүн жоопкерчиликти бөлүшкүсү келбейт, - дейт “Азаттыктын” өзбек кызматынын жетекчиси Сожида Жафарова.

Жафарова журналист Өзбекстандын абактарындагы кыйноолор, бийликтин башкача көз карашты карманган адамдарды куугунтуктоо аракеттери, карапайым элдин кыйын турмушу жөнүндө жазганын эске салат. Өзбек бийликтери ага каршы үгүт иштерин бир нече жыл мурун эле башташкан, - деп улантат Жафарова.

Өзбек сыналгысы Саиповду экстремист катары сүрөттөп, ал өзбек өкмөтүн каралоо үчүн тыш жактан акча алып жатат деген мазмундагы тасманы көргөзгөн. Мындай жаманатты кылуу кампаниясы журналист каза тапкандан кийин да улантылган. Андыктан, Жафарованын ырастоосунда, ал киши колдуу болгондон кийин кылмыштын артында Өзбекстандын коопсузудук кызматы болуп жүрбөсүн деген шектенүүлөр жаралган.

Ал эми Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Жеңишбек Жакыпов биздин радиого билдиргендей, журналисттин өлүмү боюнча иликтөө уланып жатат.

Сүрөттө: маркум Алишер Саипов жубайы Назокат менен.
XS
SM
MD
LG