Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

АКШ президенти НАТОнун кеңейишин колдойт


Вашингтондо АКШ президенти Жорж Буш Хорватия менен Албаниянын НАТОго киришине жол ача турган “кабыл алуу протоколу” деп аталган документке жума күнү кечинде кол койду. Эгерде НАТОнун 26 мүчө өлкөлөрүнүн бардыгы бул протоколду ратификацияласа, анда Балкан аймагындагы бул эки өлкө Түнлүк Атлантикалык аскердик ынтымакка кабыл алына алат. АКШ президенти Буш, ошондой эле, Кошмо Штаттар пост-коммунисттик Украина, Грузия, Босния жана Черногория (Монтенегро) өлкөлөрүнүн болочокто НАТОго кабыл алынышын колдой тургандыгын дагы бир ирет тастыктады. Буштун айтымында, эгерде расмий Сербия деле ушундай нукту тандап алса, анын ниети кош колдоп кабыл алынмак. Ал эми расмий Кремл болсо НАТОнун Орусияга улам жакындап кеңейтилишин өлкө коопсуздугу үчүн коркунуч катары баалап, бул жараянга каршылыгын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG