Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Кабулдагы атышуудан эки чет элдик каза тапты


Ооган башкааласы Кабулда бүгүн кайрадан атышуулар болду. Андан эки чет элдик жана бир жергиликтүү тургун каза тапты. Бул - чет элдиктерге ушул апта ичинде жасалган экинчи кол салуу. Апта башында Кабулдагы атышуудан гуманитардык уюмда иштеген чет элдик бир аял кызматкер мерт болгон эле. Ал эми өлкөнүн чыгышында түркиялык эки инженер жана алардын жергиликтүү айдоочусу уурдалып кетти.

Кабулдун полиция башчысынын орун басары Алишах Ахмадзайдын "Эркин Европа жана Азаттык" радиосунун ооган кызматына билдиргенине караганда, атышуу почта жана жүк ташуу менен алектенген эл аралык DHL компаниясынын кеңселеринин сыртында болгон. Андан каза тапкан эки чет элдик – германиялыктар:

-Инцидент эртең мененки саат 10 ченде DHL компаниясынын бет маңдайында болду. Бул жерде жергиликтүүлөр менен чет элдиктер бирге иштешет. Атышууга эмне түрткү болгонун биз азырынча билбейбиз. Иликтөө иштери жүрүүдө. Бирок мен андан эки чет элдик, бир ооган каза таап, эки ооган жаракат алганын ырастай алам. Каза тапкан чет элдиктер – германиялыктар.

Ал эми эл аралык DHL компаниясынын Германиядагы бөлүмүнүн өкүлдөрү кабар агенттиктерине Кабулдагы кол салуунун чоо -жайы боюнча азырынча эч маалымат айта албасын билдиришти.

Кол салуу ооган башкааласынын Шер-Пул дп аталган районунда болгон. Чет элдиктердин көбү ошол жерде жашап, иштешет. Окуяга күбө болгондордун бири "Эркин Европа жана Азаттык" радиосунун Кабулдагы кабарчысына атышуудан улам айлана –чөйрөдөгүлөр дүрбөлөңгө түшкөнүн айтты:

-Биз ок атылып жатканын уктук. Бул - токтолбогон атышуу болду. Айрымдар коопсуздук күчтөрү менен чет элдиктр атышып жатканын айтышты. Биз билбейбиз. Биз ок атылып жатканын гана уктук жана андан улам жерге жатууга аргасыз болдук.

Кабулдагы ишемби күнкү атышуу чет элдиктерге ушул апта ичи жасалган экинчи кол салуу болду. Ушул дүйшөмбүдө SERVE Afghanistan деп аталган гуманитардык уюмдун Британия менен Түштүк Африканын жарандыгы бар, Гейл Уилльямс ысымдуу аял кызматкери ишке бара жаткан жеринен ок жеп каза тапкан эле. SERVE Afghanistan уюму мүмкүнчүлүгү чектелүү жана мунжу оогандарга жардам берүүчү. Бул кол салуу үчүн талиб согушкерлери жоопкерчилик алуу менен аталган уюм христианчылыкты жайылтып жатканын билдирген. Бирок SERVE Afghanistan мындай айыптоолорду четке какты.

Азыркыга чейин соңку ирээт Оганстанда үч чет элдик аял август айында өлтүрүлгөн болчу.

Кыянатчылыктардын көбөйүшү жүздөгөн гуманитардык жана эл аралык уюмдарды коопсуздук чараларын күчөтүүгө аргасыз кылууда. Чет элдиктер Ооганстандын аймактарын кыдыруусун кыскартып, жансакчыларды жалдап жатышат.

Ишембиде ошондой эле Ооганстандын чыгышындагы Хост провинциясынан эки түрк инженери жана алардын ооган айдоочусу уурдалып кеткени белгилүү болду. Провинция губернатору Арсал Жамалдын айтымында, түрк инженерлери Пакистан менен чектеш чөлкөмдө радио антенналарды орнотууга жардам берип жаткан. Түркиянын Ооганстандагы элчилиги бул маалыматты ырастады. Алардын маалыматына караганда, окуя 23-октябрда болгон. Ал эми талибдер бул жергиликтүү бандиттердин колунан келген иште өңдөнүп тургандыгын айтып, уурдоого тиешеси жоктугун билдирүүдө.

Жума күнү болсо Ооганстандын Лангман провинциясында талибдерге каршы соңку жылдардагы ири митинг өттү. "Ассошейтед Пресс" агенттигинин билдиргенине караганда, көчөгө чыккан миңдей адам талибдер тарабынан жакында ушул проивинциянын Алингар районунда 26 жергиликтүү тургундун өлтүрүлүшүнө нааразылык билдиришти. Демонстрация учурунда "Талибдерге өлүм" деген ураан –чакырыктар айтылып жатты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG