Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

27-октябрь: тарых барактары


Генерал М. Д. Скобелев 1875-жылдын бул күнү Наманган шаарын ээлеп, мындагы козголоңчу кыпчактарга кол салып, шаарды кайра алууга жетишкен. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 1990-жылдын 27-октябрында өткөн кезектеги сессиясында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу президенттик шайлоо өткөрүлгөн.

1875-жылдын бул күнү генерал М. Д. Скобелев Наманган шаарын ээлеп, мындагы козголоңчу кыпчактарга кол салып, шаарды кайра алууга жетишкен. Чабуул маалында 6 адам шейит учуп, 38 киши жаракат алган. Наманган шаары орус бийлигинин колуна өткөндөн кийин аймакта козголоңчу кыймыл токтогон.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин 1990-жылдын 27-октябрында өткөн кезектеги сессиясында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу президенттик шайлоо өткөрүлгөн. Республиканын саясий элитасы президенттик бийликтин компартия жетекчиси А. Масалиевге тапшырылышына каршы чыккан. Депутаттар арасында жүргүзүлгөн үгүттөө иштери өз жемишин берип, биринчи альтернативдик шайлоодо жогорку бийликке көрсөтүлгөн талапкерлердин бири да жетиштүү добуш топтой алган эмес. Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы жыйынына 12 адамдын талапкерлиги көрсөтүлүп, депутаттардын көпчүлүгү өлкө президенттигине Аскар Акаевдин талапкерлигин туура табышкан.

Мындан туура 123 жыл мурун кыргыздын атактуу комузчусу Карамолдо Орозов жарык дүйнөгө келген. 2003-жылдын 27-октябрында белгиленген атактуу комузчунун 120 жылдык юбилейи, Карамолдо Орозовдун туулган күнүн тактаган датага айланды. Комузчу жараткан «Камбаркан», «Көкөйкести», «Ибарат», «Караөзгөй» сыяктуу чыгармалар симфониялык оркестрге салынып, дүйнөлүк маданият казынасына алынды.

Айтылуу Тайлак баатырдын эстелиги 2003-жылдын 27-октябрында Нарын шаарынын борбордук аянтына орнотулду. Тайлак баатыр өз маалында элин коргоп, мекен үчүн жанын найза учуна кармаган арстан жүрөк баатырлардын бири болгон. Анын кытай жана кокондук баскынчыларга каршы күрөшү эл эсинде калып, теңдешсиз каармандыгы дастанга айланган.

Кворум жоктугуна байланыштуу Жогорку Кеңеш 2005-жылдын 27-октябрындагы ишин баштай алган жок. Жогорку Кеңеш маңдайында уланган Рысбек Акматбаевдин митинги жана «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин парламентти таратуу максатында 300 миң чамалуу кол топтошу, парламентарийлерди чукул арада шайлоочулары менен жолугушуу үчүн жер-жерлерге кетишине түрткү берген.

Жогорку Кеңеш депутаты, маркум Тынычбек Акматбаевдин жакындарын 2005-жылдын 27-октябрында президент Курманбек Бакиев кабыл алган. Жолугушуудан кийин Рысбек Акматбаевдин тарапкерлери Жогорку Кеңеш маңдайындагы митингди кандай уюшкандык менен башташса, ошондой ыкчамдык менен тарап, эски аянтты алеки заматта бошотушту.

Бул күнү, 1829-жылы АКШда дүйнөдөгү биринчи наристе коляска патенттелип, 1728-жылы англис саякатчысы, Жаңы Зеландия менен Гавай аралдарын ачкан Джеймс Кук, 1811-жылы америкалык ойлоп тапкыч Айзек Зингер, 1855-жылы биолог-селекциячы Иван Мичурин, 1944-жылы актер Николай Караченцев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG