Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:10

АКШда шайлоо өнөктүгүнүн акыркы аптасы башталды


АКШнын президенттигине талапкерлер Барак Обама жана Жон Маккейн
АКШнын президенттигине талапкерлер Барак Обама жана Жон Маккейн

АКШда шайлоо өнөктүгүнүн акыркы аптасы башталды. Президенттикке талапкерлер Барак Обама менен Жон Маккейн олку-солкуланган шайлоочулар көп делинген штаттарда үгүт-үйүт иштерин өткөрүшүүдө.

Төрт жыл мурда Флорида, Огайо, Виржиния, Түндүк Каролина, Миссури жана Индиана штаттары жалпысынан республикачылардын талапкерин колдошкон, бул жолу аларда арсарсыган шайлоочулар көп. Аларды өз тарабына тартканы президенттикке талапкерлер өнөктүктүн акыркы аптасын дал ушул штаттарда өткөргөнү жатышат.

Дүйшөмбү күнү демократ Барак Обама менен республикачыл Жон Маккейн Огайодо өздөрүнүн үгүт жыйындарын өткөрүштү. Атаандаштар негизинен экономика темасында эгешишти. Маккейн, биринчиден, калктын аманат акчасын жана пенсиялык эсептерин коргоп,фонд рыногун кайрадан кирешелүү кыларына, экинчиден, ипотекалык кредит саясатын, анын шарттарын өзгөртөрүнө, акырында салыктарды кыскартып, жумушчу орундарын көбөйтө турганына ишендирди.

Маккейн атаандашы Обама, тескерисинче, салыктарды көбөйткөнү жатканын эскертип, анын экономикалык программасын сынга алды. “Обама жыргалчылыктарды түзүүнү эмес, аларды көзөмөлдөөнү, жакшы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү эмес, акчаны кайра бөлүштүрүүнү көбүрөөк эп көрөт”,-деп айтты Маккейн атаандашы менен өзүнүн айрымачылыгын түшүндүрүп.

Демократтардын финансы чөйрөсүндөгү программасын вице-президенттикке талапкер Сара Пэйлин да сынга алып, алардын салык тармагындагы позициясын “социалисттик тарыйка” деп атады.

Маккейн өз партиялашы, азыркы президент Жорж Буштун экономикалык саясатынан да өзүн алакчылады.”Мен Жорж Буш эмесмин,иш жүзүндө мен өз партиямда деле көп ооматкер эмесмин”,-деп айтты ал телеканалдардын биринде. Маккейн мамлекеттик чыгымдарды көзөмөлдөө зарыл, азыркы өкмөт болсо аларды өз эркине койду деп эсептейт.

Ошол эле күнү Огайодо үгүт жыйынын өткөргөн Обама атаандашына жооп кайтарды. Атап айтканда, ал шайлоо өнөктүгү 21 айдан бери жүрүп жатканын, эки талапкер үч ирет телетаймаш өткөргөнүн айтып, ушул аралыкта Маккейн америкалыктарга Буштун көз карашынан олуттуу түрдө айрымаланган экономикалык бир да маселени айта албаганын эске салды. Эгер соңку сегиз жылда оңунан чыкпаган Буш-Маккейн саясаты дагы төрт жылга узарса, мунун өзү, Обаманын айтымында, америкалыктар үчүн чоң тобокелдик болмок.

Обама күн сайын иштеп,зайыр акысын апта сайын алымдарга жедирип коюп жаткан америкалыктардын 95 процентине салык жактан жеңилдик берем деп ишендирди. Анын программасын туура түшүнө албай, тетири бурмалап жаткан Маккейн менен Пэйлиндин сындарын демократ-сенатор улутту экиге бөлүү аракети катары айыптады.

Коомдук пикирдин акыркы көрсөткүчтөрүндө Обама Маккейнден болжол менен 7 процентке алдыда баратат. Бул учурда республикалык партиянын арасына жик түшкөнү да даана байкала баштады.”Өзүн урматтаган ар бир республикачыл азыр: “Кантип жүрүп ушундай жагымсыз жагдайга кабылдык?” деп суроо берүүгө тийиш”,- деп билдирди The New York Times гезитинде жарыяланган маегинде конгресстин мурдагы спикери Ньют Гингрич.

XS
SM
MD
LG