Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

АКШ: Куурчак менен бет кептин “шайлоосу”


АКШ шайлоосундагы башкы атаандаштар. 2008-жыл.
АКШ шайлоосундагы башкы атаандаштар. 2008-жыл.

Деги, жума күнү АКШда белгиленген “Халлоуин” майрамы учурунда кайсы талапкердин беткеби көбүрөөк сатылгандыгынан улам АКШда ким президент болоорун алдын-ала аныктай алабызбы?


Алдыдагы шейшембиде (4-ноябрда) Америка Кошмо Штаттарынын атуулдары өлкөнүн жаңы президенти ким болоорун аныктамакчы.

Деги, жума күнү АКШда белгиленген “Халлоуин” майрамы учурунда кайсы талапкердин беткеби көбүрөөк сатылгандыгынан улам АКШда ким президент болоорун алдын-ала аныктай алабызбы? Балким, балким... Ким билет?..

Айтылуу “Нью-Йоркер” ("The New Yorker") журналынын жаңы санынын алгы бети абдан кызыктуу түстүү карикатура менен кооздолуптур.

Анда АКШнын президенттигине талапкер, республикачы сенатор Жон МакКейн менен анын тандемдик өнөктөшү, Алясканын губернатору Сара Пэйлиндин сүрөтүн бет кеп катары тагынып алган бир кичинекей бала менен кичинекей кыз кол кармашып келе жатышат. Алардын бет кебинин сүрүнөн желмогуз, жезтырмак, мастен, көрүнчү сыяктуу адам корккон жомоктогу кейипкерлердин баары тең чочулап, өң алааттан кетип, чачтары тик туруп, алапайын таппай алдастап турганы сүрөттөлгөн.

Картер Гудрич (Carter Goodrich) тарткан бул карикатура “Чыныгы коркуу” деп аталат.

Болуптур, мында желмогуздардын баары тең чын эле МакКейн менен Пэйлинден коркту дейли. Анда бул сүрөт кимди жактайт?

Албетте, бул журнал демократ сенатор Барак Обаманы колдой турганын элдин баары жакшы билет. Бул сүрөттүн максаты айдан ачык нерсе ("мокочолордун" өздөрү республикачылардын тандеминен коркуп жатпайбы!)

Ал эми жума күнү майрамдалган “Халлоуин” (Halloween) майрамы маалында жана ага чейин деле америкалыктар саясатчылардын бет кептерин арбын сатып алып жатышты.

Демек, сиз МакКейндин же Обаманын бет кебин сатып алып, аны тагындыңыз дейли. Анда сиз өзүңүз беткебин тандаган саясатчыны колдоп жатасызбы, же ага каршы чыгып жатасызбы?

Нью-Йорктогу Сиракуз (Syracuse University) университетинин профессору, медиа каражаттары боюнча адис Роберт Томпсон (Robert Thompson) мындай дейт:

- Менимче, жалпысынан алганда, саясатчылардын кебетеси чагылдырылган беткеп сыяктуу кийимдер күлкү келтирүү үчүн гана жасалган. Менимче, аларда шылдыңдын кермек даамы жок эмес. Эрезеге жеткен кишилер бул беткептерди келеке түрүндө колдонушат. Маселен, эгерде сиз Сара Пэйлинди сыпаттап көрсөткөн беткеп жана башка кийимдердин көпчүлүгүн байкасаңыз, алар көбүнесе Республикачылардын Улуттук Курултайынын рухунда эмес, ар ишемби кечтеги обого түз чыккан сатиралык сыналгы шоусунун рухунда жасалган.

Албетте, азыркы интернет заманындагы соода-сатык дүйнөсү өзүнүн улам жаңы жанрын жана усулун калайыкка таңуулап жатканы баардыгыбызга маалым.

Интернет аркылуу соода-сатык жүргүзчү buycostumes.com деген компания президенттикке талапкерлердин беткептерин тээ 1980-жылдардан бери ырааттуу сатып келээрин, адатта, кайсы кишинин беткеби көбүрөөк сатып алынса, ошол киши АКШ президенти болуп калып жатканын жазып чыкты.

Бул интернет барагынын “Бир беткеп – бир добушка тете!” деген ураанын окуган соң, балким, АКШнын атуулу болбогон киши да тигил же бул талапкерге жан тартып, ошонун беткебин сатып алууга азгырылып, ашыгаар.

Анын үстүнө бир беткеп бар болгону 99 гана цент (34 сомдон саал көбүрөөк) болуп жатса, өзүңө жаккан талапкер үчүн алдын-ала "добуш сатып алууга" неге болбосун?

30-октябрга карата Обаманын беткебин кардарлардын 55 пайызы сатып алса, ал эми анын атаандашы МакКейндикин кардарлардын болгону 45 пайызы гана тандаган экен.

Профессор Томпсон болсо “добуш берүүнүн салттык ыкмасына баш оорутпастан, дал ушундай соода-сатыктык ыкма менен ким президенттикти жеңээрин аныктоого болобу?” деген суроого мындайча жооп узатат:

- Менимче, бул ыкма ким президенттикти жеңээрин алдын-ала аныктоо үчүн мелдешүүнүн өтө эле майнапсыз жолу болоор эле.

Томпсонго алиги интернет компаниянын кирешесине марыгандар гана макул болбосо керек.

Быйылкы “Халлоуин” майрамынын алдында, чынында да, Алясканын губернатор айымы Пэйлиндин беткеби көбүрөөк сатылгандыгы кабардалууда.

Эми бул айым өлкөнүн жаңы вице-президенти болуп калаар бекен?

Эгерде анын тандеми утулса, анын кебетесиндеги куурчактарга эмне болот?

Албетте, бул суроолордун баары тең 4-ноябрдагы шайлоодо өз чечилишине ээ болот.

Кыргыздардан айырмаланып, америкалыктар тээ илгерки куурчактарынан бери бапестеп сакташат эмеспи. Быйылкы куурчактар да тарыхтын бир үзүмүн болочокто эскерүү үчүн америкалык тигил же бул үйбүлөдө сакталып кала берээри шексиз.

XS
SM
MD
LG