Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Тоолуу Карабак: Азербайжан менен Армениянын жакшы ыкласы


Азербайжан жана Армения Тоолуу Карабак чатагын саясый жол менен жөндөө аракетин уланталы деп макулдашты. Мындай декаларацияга эки өлкө лидерлери жекшембиде Москвада өткөн жолугушууда кол коюшту.

Азербайжан жана Армениянын лидерлери Тоолуу Карабак чатагын тынчтык жолу менен чечүү аракетин уланталы деп макулдашты. Мындай декларацияга президенттер Илхам Алиев жана Серж Саргисян жекшемби күнү Россия президенти Дмитрий Медведевдин Москванын четиндеги резиденциясында өткөн сүйлөшүүдө кол коюшту. Сүйлөшүүгө ортомчулук кылган Медведевдин маалымдашынча, саясый диалог Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму түзгөн Минск тобунунун түздөн түз катышуусу менен улантылат:

- Азербайжан менен Армениянын президенттери жогорку деңгээлдеги байланыштар учурунда Тоолуу Карабак чатагын саясый жол менен жөндөө боюнча иштерди уланталы деп макулдашты жана Тышкы иштер министрлерине ЕККУнун Минск группасынын теңтөрагалары менен бирдикте сүйлөшүү жараянын дагы активдештиргиле деп тапшырма беришти.

Минск тобуна Россияга катар АКШ жана Франция теңтөрага. Илхам Алиев жана Серж Саргисян кол койгон декларция 1994-жылдан бери Тоолуу Карабак чатагын жөндөө боюнча Азербайжан жана Армения ортосундагы биринчи документ. Буга дейре Азербайжан, Армения жана Россиянын президенттери тынчтык планын төрт жыл мурда Казакстандын байтакты Астанада талкуулашкан. Бирок 1988-жылдан бери келаткан араздашууну жөндөө боюнча жасалган дипломаттык аракеттер натыйжасыз бүткөн.

Быйыл августа Россия менен Грузия ортосунда болгон согуштан кийин региондогу стабилдүүлүккө, анын ичинде Тоолуу Карабах чатагын жөндөөгө өзгөчө көңүл бурула баштады.

АКШ мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия маселелери боюнча жардамчысы Дэниел Фрид 17-октябрда Ереванда болгон учурда жыл аягында Тоолуу Карабак маселеси боюнча оң жылыштар болушу мүмкүн экенин эскерткен. Москванын кризисти жөндөөгө арачылык кылуусу, көпчүлүк байкоочулардын баамында, Россиянын мунайга бай Каспий региондагы таасирин дагы бекемдөө аракетин күбөлөйт.

Расмий Москва болсо Азербайжан жана Армениянын президенттери кол койгон декларация Тоолуу Карабак чатагын тынчтык жолу менен жөндөөгө жаңы дем берет деп ишенет.

XS
SM
MD
LG