Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:31

АКШда эртең шайлоо


Эртең АКШда жаңы президенттин ысымы белгилүү болот. Шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнү талапкерлер бир нече штаттарды кыдырышат.

Жон Маккейн жети штатта болот - соңку үгүт кампаниясын чыгыштагы Флоридадан баштап батыштагы Аризонада аяктайт. Барак Обама болсо Флоридада, Түндүк Каролинада жана Виржинияда үгүт жыйындарын өткөрөт. Аталган үч штат тең өткөн шайлоодо республикачылардын талапкерин колдоп добуш берген.

Ишемби күнү атаандаштар Огайодо болушту. Бул штатта алиге чейин кимди колдорун билбей олку-солкуланган шайлоочулар көп. Айрым көрсөткүчтөрдө бу жерде Обама ны колдогондор көбөйө баштаганы байкалат.

Арсарсыган аймактарга Пенсильвания да кирет. Маккейн жекшемби күнү ушул штатта болду. Ал өмүрүндө көп өнөктүктөргө катышканын, Пенсилванияда, андан соң жалпы шайлоодо жеңип чыгарын сезип-билип турганын белгиледи. Өз тарапкерлерине кайрылып, шайлоого эки күн калганын, түтүн түрө кыдырып, ар бир үйдө үгүт жүргүзгөнгө чакырды. “Биз силердин ыктыярдуу жардамыңарга муктажбыз, бизге жаңы багыт зарыл, бул үчүн күрөшүшүбүз керек, алдыдагы эки күн ичи жигердүү иштеп, акыры жеңип чыга алабыз”,- деп билдирди Маккейн.

Маккейндин абройлуу партиялаштары да өздөрүнүн талапкерин сүрөөнгө алышты. Президент Жорж Буш болсо көптөн бери партиянын үгүт кампаниясына катышпай калды. Кыязы, калк арасында бедели өтө төмөн экенин сезип, партиялашынын абалын ого бетер оорлотуп албайын деп чечсе керек.

Демократ Барак Обама болсо Огайодо өз тарапкерлерин жеңиш колдо тургандай көрбөгүлө деп эскертти. ”Эки күндөн кийин ачкөздүктү жана жоопкерсиздикти каржалбас эмгектен,карапайым калктын кызыкчылыгынан өйдө койгон саясаттын барагын биротоло жаап сала аласыңар. Эки күндөн кийин орто тапты инвестициялоолону, жаңы жумушчу орундарды түзүүнү, экономиканын өсүшүн, жалпы эсепте келип баарыбыздын байгер турмушубузду камсыздаган саясатты тандап аласыңар”,-деп билдирди Обама. Ага чейин аз тарапкерлерин “бир күнгө да,бир мүнөткө да, бир секундга да арымды басаңдатпастан, жеңишке жетүү үчүн шымаланып иштей берүүгө” чакырды.

Бүгүнкү күнгө чейин эле АКШда миллиондогон шайлоочулар,болжол менен алардын чейрек бөлүгү добуш берип үлгүрүштү. Жалпысынан эртең 130 миллиондон ашуун киши добуш берет деген додомол кептер бар. Эгер бул божомол чын чыкса, анда быйылкы шайлоо өткөн кылымдын 60-жылдарынан берки эр жеткен калк эң активдүү катышкан биринчи өнөктүк болмокчу. А эгер анда кара түстүү талапкер жеңсе, анда эртеңки шайлоо тарыхый окуяга айланат.

Люк Бессондун жакындагы бир филминде мындай иш АКШда XXIII кылымда барып гана боло турган окуя катары аталат. Филмдин авторлору буга азыр америкалыктар даяр эмес деп бүтүм жасашат. Ал эми шайлоого бир күн калганда өткөрүлгөн коомдук пикирдин иликтөөлөрүнө караганда бул толук реалдуу иштей көрүнөт. Gullup кызматы Обаманын артыкчылыгын - 10, CBS телеканалы – 13 процентке баалады. Эртең бул ажырым кескин өзгөрүп же көбөйүп кетиши ажеп эмес. АКШдагы шайлоонун негизги өзгөчөлүгүн байкоочулар дал ушундан көрүшөт.

XS
SM
MD
LG