Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:32

АКШда добуш берүү кызыды


АКШда ушу тапта добуш берүү кыйгас кызый баштады. Өлкөдө бүгүн жаңы президент, конгресстин өкүлдөр палатасы, сенаттын үчтөн бир бөлүгү шайланат.

АКШда шайлоо адаттагыдай эле Нью-Гэмпшир штатындагы Диксвилл-Нотч шаарчасынан башталды. Бул жерде болгону 75 киши жашайт, анын 21и добуш бергенге укуктуу. Жергиликтүү убакыт боюнча түн жарымы болор замат алар шайлоо кеңсесине келип, добуш беришти. Жыйынтыгында Жон Маккейн – 6, Барак Обама – 15 добуш алды. Буга катарлаш Хартс-Локейшн шаарчасында да шайлоочулардын 17си Обамага, 10у – Маккейнге добуш беришти.

Бул көрсөткүчтөр Обама үчүн жакшы аян болгонсуду: шаарчанын тургундары 1968-жылдан бери биринчи мерте демократтардын талапкерин колдоду. Мунун алдында Gallup тобу коомдук пикирдин эң соңку натыйжаларын жарыялады: шайлоочулардын 53 проценти Обама, 40 проценти Маккейн үчүн добуш берерин айтышкан. Өткөн ишембиде эки талапкер ортосундагы ажырым 10 процентти түзгөн эле. Бирок бүгүн добуштардын реалдуу көрсөткүчтөрү башкача болуп чыгышы да ажеп эмес.

Жон Маккейн коомдук пикирдин мындай көрсөткүчтөрүнө таңазар берген жок. Ал дүйшөмбү күнү жети штатты кыдырып чыкканга үлгүрдү. “Мурда боло жүргөндөй эле көптөгөн сурамжылоолордо бизди эсептен чыгарып салышты, менин атаандашым Ак үйгө камына баштады. Бирок мен кайрадан бу жердемин, биз бу шайлоону утуп алганы жатабыз”,-деп айтты Маккейн кечээки үгүт жыйындарында.

Обама да кечээ үч штатта болду. Виржиниянын шайлоочуларына кайрылып, ал: ”Келгиле, бу дүйнөнү өзгөртөлү! Силерге ырахмат,силерди кудай колдосун, ылайым ал Америка Кошмо Штаттарын колдосун!” – деп билдирди.

Эксперттер эсебинде бүгүн добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны 140 миллионго жетиши мүмкүн. Мындай активдүүлүк соңку жарым кылымга жакын мезгилден бери боло элек. Дүйшөмбүгө чейин эле өлкөдө отуз штатта 29 миллион шайлоочу эртелеп добуш берип үлгүрүштү.

Бүгүн АКШда ошондой эле конгресстин өкүлдөр палатасы толугу менен, сенаттын үчтөн бир бөлүгү да шайланат. Сенатта демократтардын болор-болбос гана артыкчылыгы бар, эгер алар бүгүн дагы кошумча тогуз мандат утуп алышса, анда алар республикачыларды тигил же бул кадамдарга, мыйзам долбоорлоруна каршылык көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышат. Өкүлдөр палатасында болсо демократтардын ашыкча 36 мандаты бар эле, жаңы корпуста алардын артыкчылыгы, эксперттер божомолунда, 20-35 орунга көбөйүшү мүмкүн.

Бүгүнкү шайлоонун алгачкы жыйынтыктары АКШнын өзүндө түн жарымына жакын белгилүү болуп калат.

XS
SM
MD
LG